www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас" аэропортунда 27-майда саат 19:40та ишке ашырылчу каттамдын учагы учпай калды. Техникалык себептерден улам учпай калган Боинг учагы саат бүгүн 19:30да учары белгилүү болду. "Аir Манас авиакомпаниясынын ZM 1027 каттамы учактын техникалык себептеринен улам учпай калды.

БОИНГ 737-800 учагы 153 жүргүнчүнү отургузуп учуу тилкесине чыгып, учууга ылдамдык алып жатканда бир системи иштебей калып токтотулду. Биз антип-минтип жүргүнчүлөрдү учактан чыгарып, башка каттам менен жөнөтмөкчү болгонбуз. Бирок Москвадагы Жуковский аба майданы жабылып калгандыктан учак бүгүн саат 19.30да учмай болушту. Биз жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап каттамга чейинки убакытка чейин шаардагы мейманканага жайгаштырабыз дедик. Алар силерге ишенбейбиз эртең алдап учурбай койосуңар деп 153 жүргүнчүнүн 140ы каршы болду. 13 жүргүнчү макул болуп кечээ түнкү 12лерде мейманканага жеткирилди. Кийин биз калган 140 жүргүнчүгө тамак алып келип бердик. Аларга жатакана тамагыңар акысыз баарын өзүбүз беребиз деп түшүндүрүп жатып таңкы саат 5те 85 жүргүнчүнү мейманканага жөнөттүк. Саат 07де 40 жүргүнчүнү көндүрүп жатаканага жайгаштырдык. Учурда 13 жүргүнчү бизди укпай аэропортто отурушат. Кээ бирлери өздөрү шаардагы үйлөрүнө кетип калышты", - деди "Манас" аэропортунун жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча менеджери Айбек Надыров.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары 

Последние новости