www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата Мекендин" акыркы кадры кетти

«Ата Мекен» партиясынын аты менен чоң кызматтарды ээлегендер буга чейин ээрден шыпырылып, бир далайы айдалган эле. Маселен, «Ата Мекен» партиясынан келген социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев, юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуева, Миграция кызматынын статс-катчысы Канатбек Азиз жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчи орун басары Марат Таиров кызматтарынан кол жууган.

Кечээ Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул «атамекенчилердин» акыркы кадры катары белгилүү. Анткени, 2015-жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмесинен талапкер катары ат салышкан.

Булак: "de-facto"

Последние новости