www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кырсыгы азайбады

Мамлекетибизде жол кырсыктары чоң көйгөйгө айланып, калдайган журтубузду мүңкүрөтүп турган чагы. Аз күн мурун эрежени так сактап, жол чийинден өтүп бараткан окуучуларды көпкөн айдоочулардын бири уруп, из жашырып кеткен эле. Кырсыкка кабылган эки баланын бири ушул күнгө чейин дурус эсине келе электиги айтылууда.

Андан соң ошол эле жол тилкесинде дагы бир окуучу кызды сүзүп, изин жашырган окуя катталып, элдин кабыргасын кайыштырган. Өкүнүчтүүсү, эки күн мурун Кызыл-Аскерде 20 жаштагы кызды машине уруп кетти. Бишкек шаардык кайгуул-күзөт кызматынын маалыматы боюнча 20 жаштагы кыз жөө адамдар үчүн тилкеден өтүп бараткан кезде №220 каттамдагы кичиунаа коюп кетип, кыз ошол жерде жан берген.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. Бул күн сайын жолдо үч киши каза болот дегенди билдирет. Жыл башынан бери Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы катталса, анын 700гө жакыны Бишкек шаарында болуптур. Айланайын айдоочулар, абайлагылачы!

Булак: «Мантыш»

 

Последние новости