www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндөгү театрлардын абалы, актерлордун кыйынчылыктары менен жетишкендиктери тууралуу Маданияттын мыкты кызматкери, М. Рыскулов, С. Жумадылов атындагы сыйлыктардын лауреаты, «Ак Илбирс» кино сыйлыгынын ээси, актер Чыңгыз Мамаев маек куруп бермекчи. —Чыңгыз мырза, радиолордун биринен «Чыгармачылык келечегим бүдөмүк болуп турат» -деген пикириңизди уктум эле. Мындан улам кесибиңизди алмаштырайын деп жатасызбы деген суроо узаткым келип турат? —Азыркы заманда театр, маданият дүйнөсү бир аз аксап, театрдын босогосун аттаган жаштардын көйгөйү чечилбеген бойдон калып жатат. Дегеним актерлор беш жыл окуп театрга жарытпаган маяна менен тактап айтканда, 3800 айлыка жумушка орношот. Бүгүнкү күндө бул акча эч нерсеге жетпегендиктен баягы эле байкуш эне-атасынын чөнтөгүнө күч келтирүүдө.
Ал эми өлкөбүз эгемендикке ээ болгондон бери театрда эмгектенип келген актерлордун айрымдары өз жолун таап алды. Кошумча киреше табуунун булактарын издеп, продукцияларын сата билишет. Анткен менен бир гана театрда эмгектенип башка эч жерде иштебеген кесиптештерим да жок эмес.
Театрдан алган беш миң сомдун тегерегиндеги айлык менен алар кантип эл катары оокат кылат? Жетпеген жашоо болгондон кийин чыгармачылыгың сөзсүз түрдө аксайт. Бүгүн сахнада образ жаратып, эртеси ар кандай кара жумушта иштеген кесиптештерим бар экенин да уккам. Кара жумуштан келе калып, чыгармачылыкты гүлдөтүп жибере албайсың.
Качан гана курсагың кенен тоюп, көйгөйлөрүң чечилип, үй-бүлөңдүн кем-карчысын толуктагандан кийин эртеден кечке чыгармачылыкка чын дилиң менен көңүл бөлсөң болот. Асан Кайгыдай болуп жогоруда аталган көйгөйлөрдүн айланасында маек бергем. Бирок театрдан кетейин деген оюм жок.
—Сиз эмгектенип келген «Учур» театрында кандай жаңылыктар болуп атат?
—«Учур» театры тууалуу айта турган болсом 2001-жылы Аскар Акаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Москвадагы «Шепкин» атындагы жогорку театралдык училщаны бүтүп келген 20 бала менен ачылган. Мен 2003-жылдан тартып аталган театрда иштеп келем. Учурда жаңы спектаклдердин премьералары коюлууда. Жакында эле кино-режиссер Темир Бирназаров «Чек Ара» аталышындагы спектаклин коомчулукка тартуулады.
—Акыркы жылдары өлкөбүздөгү театрлар өбөктөп калды деген нааразычылыктар күч алып, өкмөт четинен көңүл бура баштагандай болду эле. Сурайын дегеним бир нече жыл мурда сиздердин карамагыңыздарга өткөн Чатыр-Көл театры дагы деле оңдоп-түзөөдөн өтпөй тургансыйт?
—Кээ бир театрларга өкмөт аздап болсо да назар салып жатат. Алсак Т. Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театрынан көрөрмандар толук кандуу спектакль көрүп, чер жазып кете алышат. Себеби жакшы шарттары бар. Ал эми «Учур» театрынын көрүүчүлөрдү олтургузуп көргөзө турган залы жок. Мурда КТРде арендада турчубуз. «Чатыр Көл» театры 6, 7 жыл мурда биздин карамака өтүп, ошол учурларда өкмөт тарабынан бир аз каражат бөлүнүп баштаган. Көп өтпөй көз жаздымда калдык.
Актер бул чабылган күлүк сыяктуу. Канчалык көп чабылып, таң ашкан сайын марага чуркап намыс коргойт. Беш жылдан бери өзүбүз үчүн, беделибиз түшүп кетпесин деп жайдак жерге спектакль коюп келебиз. Мекемебиздин ичи муздак болгондуктан кыш мезгилинде баарбыз ооруп чыгабыз. Көйгөйүбүздү жеринен тааныштыруу максатында бир катар саясатчыларды, көрүнүктүү ишкерлерди, ЖК депутаттарын чакырганбыз. Жардам берели, айталы деп кетишкен, бүгүнкү күндө алардан деле кабар жок. Кандай болгон учурда да жакшылыктан үмүтүбүз чоң.
—Баштагы жылдарга салыштырмалуу бүгүнкү күндө элдин театрга болгон агымы арбып баратканын байма-бай айтылууда, сиз бул сөзгө кошуласызбы?
—1990-жылдары элдин спектакль көрүүгө эмес, нан алып жегенге акчалары жок болуп турган. Бүгүнкү күндө жашоо шарт жакшы, куржунубузду жаңы жаңы спектаклдер менен толтуруп турсак элибиз келип колдоп берээри шексиз. Андыктан талбай эмгектенип, театр сүйүүчүлөрү эмнени көргүсү келип жатканын айттырбай билүү биздин милдетибиз. Классика деп эле дүйнөлүк жазуучулурдан чыгармаларына басым жасабастан, кыргыздын адабиятына, акын-жазуучуларыбыздын улуттук колориттиндеги чыгармаларына көңүл бурушубуз зарыл. Анткени элибиз театрдан өз турмушун көргүсү келип, улутук чыгармаларга суусап турат.
—Белгилүү актриса Элмира Тагаева сиздин өмүрлүк жарыңыз экенин көпчүлүк биле бербейт. Эки театр адамынын бир үйдө түтүн булатышы татаал эмеспи?
—Жубайым Элмира экөбүз КМАДТда бир группада чогуу окуп 2000-жылы экинчи курс кезибизде баш кошконбуз. Быйыл чогуу түтүн булатып, жашап жатканыбызга 17 жылдын жүзү болду. Бир кыз, эки уулга тарбия берип жатабыз. Экөөбүз тең маданият тармагында эмгектенгендиктен бир бирибизди коодоп, түшүнүү менен мамиле жасап турабыз. Келинчегим Б.Кыдыкеева атындагы театрда эмгектенет, таланттуу актриса. Биз үйдө кеч келдиң, эрте кеттиң, айлыгың аз деген маселелер менен уруш чыкпайт.
—Жакын досторуңуз ыр жазып жүргөнүңүздү, акындык талантыңыз бар экенин айтышты эле. Кандай тематикадагы ырларды жазып жатасыз? —Акындык, ыр жазуу бул кудайдан келе турчу нерсе. Акындарды көсөм, көрөгөч катары сезем. Колумдан келсе эл-жер, ата-эне, мекен тууралуу ырларды жазсам дейм. Укмуш ырларды жазып атам деп өзүмдү мактоодон алысмын, болгону коомдогу болуп жаткан окуяларга капаланганда же түйшөлгөндө келген эргүүлөрдү окшоштуруп, ырга айландырып коюп атам. Улутту алга сүйрөп, элге дух бере турган ырлар алдыда чыгып калар деген оюм бар. Ыр жазууну хобби катары алып жүрөм, кыйын акын болом деп айта албайм.
Булак: «Мантыш»