www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндөгү №98 үйдүн тегерегин милиция курчоого алды. Жашоочулар жарылуунун үнүн укканын кабарлашкан. Саперлор окуя болгон жерди текшерип атышат. Олуттуу жабыркагандар, курмандыктар жок. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова "Азаттыкка" билдиргендей, окуя тууралуу милицияга саат 11:28де кабар түшкөн.

- Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук милициясынын ыкчам иликтөө тобу, эксперттер иштеп атышат, - деди ал.

Окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек.

Kaktus.media сайты милицияга таянып, орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу аракети болгонун, анын унаасынын астына жардыргыч зат орнотулган болушу ыктымал экенин жазды. Сайттын маалыматына караганда, ишкер өзү жеңил жараат алып түшкү, саат бирге жакын аны "Тез жардам" алып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости