www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Апей, уят да...” дегенибиз менен, аялдар да, эркектер да төшөк катнашы тууралуу сөз болуп жатса? сөзсүз кулак түрөт. Өз ара маек болгондо бир далай нерсени талкуулап да жетишишет.

Аял болгондон кийин андай маекке эч ким эле жок дебейт. Керегин алып, керексизин кулак сыртынан өткөрүп салган туура. Бүгүн биздин сөз көбү жубайлардын бөлөк жатуусу туурасында болот. “Ой, канча болду бөлөк жатканыбызга...Мен бала-чака менен, ал телевизордун алдында...”

Ушундайды уккан соң “эмнеге?” деген суроо жаралып, бир аз талдоо жасап көрүүгө туура келди. Жубайлардын бир төшөктө жатпашы эмнеден жаралат жана кандай учурга алып барат?

Социологдордун айтымында, жубайлардын 30 пайызы төшөк катнашынан убактылуу гана баш тартат, арасында 15 пайызы такыр төшөк катнашы жок эле бир үй-бүлөдө жашап жүрө берет. Буга эмне себеп?

1-себеп: зарыл болгон шарттын жоктугу

Ооба, бул көп учурда никелүү түгөйлөргө арналган бөлөк бөлмөнүн жоктугунан башталат. Турмуштагы жетишсиздиктин айынан кичинекей бөлмөгө тыгылып жашап жаткан үй-бүлөлөр бар. Бала-чака менен аралашып жатканда кайдагы махабат оюну? Бала уктап калса да, каалаган убакта ойгонуп кетиши мүмкүн. Шарият боюнча, жубайлардын төшөгү салынган бөлмөдө бала түгүл мышык да болбошу керек.

Чечими кандай болот?

Чечими ошол – бөлөк бөлмө болушу керек. Ага жеткенче тууган бар, чоң ата-чоң энеси бар дегендей. Бардарды жумасына бир жолу жөнөтүп деле жалгыз калууга болот эмесби? Сезим муздап калбасын, сезим! Бул маселени жок дегенде үч чечими бар. Каалаган адам эбин табат.

2-себеп: уруш-талаш

“Идиш-аякты кагыштырып” койгондо, бир аз убакытка чейин жууркан жамынууга бет чыдабайбы? Туура, урушуп алып төшөктө жуурулуша кетүү кызыктай сезилет.

Туура, жубайлардын ортосунда болуп турат мындай учурлар. Бири-бирине таарынганы менен, ичинен“кимибиз биринчи баштар экенбиз?” деп күтүп жүрүшөт. Аны да моюнга алуу керек.

Чечими бирөө эле

Эртерээк жарашпаса, таарынычтын аягы “өнөкөт” дартка уланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан да, мындайда аялдын биринчи кадамга барганы туура. Күйөөсүнө сүйлөбөй эле бир сүйкөнүп өтүүнүн өзү керемет натыйжа берет. Ошол күнү жарашып чыга келесиз. Бул да төшөк катнашынан баш тарта коё турган негизги себеп эмес...

Туура, бул – ар кимдин жеке маселеси. Бирок, ошол жалгыз бүлөдөгү “жууркан астындагы” маселеси андан аркы жашоодо көп тоскоолдук алып келерин билсеңиз керек. Дене каалоосуна канган адамдын маанайы жакшы, маанай жакшы адамдын ою сергек, ою сергек адамдын иши алга жылат, чөнтөгү калыңдайт. Үй-бүлөдө каражат жетип турса, аялдын да, эркектин да көңүлү тынч, чоң үйү, бөлөк бөлмөсү болот...десем, “ушул кантип болсун?” дебеңиздер. Бул чындык!

Кыскасы, никелүү ак төшөктөн эч качан баш тартпаңыз!

Булак: "Чабарман"

Последние новости