www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министр болуп Каныбек Иманалиев жаңы дайындалганда Орок орто мектебине байланыштуу блогер, журналист Улукбек Карыбек уулунун ортосунда пикир келишпестиктер орун алган эле. 

Мындан улам, Орок орто мектебиндеги абалды атайын комиссия териштирип, тиешелүү чечим кабыл алынганын Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Нуржигит Мырзабеков өзүнүн фейсбук социалдык тармагына жазды. 

Андагы билдирүүдө: "Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин жарандарды кабыл алуусунун негизинде Орок орто мектебиндеги окуяларды жеринен териштирүү боюнча атайын комиссиялык топ түзүлгөн. Бүгүн Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова башында турган комиссиялык топ иштин чоо-жайы менен таанышуу үчүн аталган орто мектепке барды.  Териштирүү иштеринин натыйжасында комиссия тарабынан окуучулардын ден соолугуна зыян келтирүүчү жагдайдын алдын албаганы, билим берүү мекемесинин санитардык абалына көңүл бурбаганы жана финансылык мыйзам бузууларга жол бергени үчүн Орок орто мектебинин директорун ээлеген кызматынан четтетүү жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына окуяны көзөмөлгө албаганы үчүн дисциплинардык чара көрүү сунушу берилди", - деп айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости