www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Жогорку сотунун төрагасы Голам Хоссейн Мохсени-Эджеи Ирандын бийликтери массалык нааразылык акцияларына катышканы үчүн камакка алынган 22 миңдей кишини кечирди, деп билдирди IRNA агенттиги.
«Тополоңго тиешеси бар 22 миңге жакын адам ырайым алган. Кеп буга чейин соттолгондор жана өкүм чыга электер жөнүндө болуп жатат», - деди Жогорку соттун төрагасы. Жалпысынан мунапыс ар кандай кылмыштар үчүн соттолгон 82 миңден ашуун ирандык жаранга тиешелүү.
Эджеи мунапыс берилгендер кайсы мезгилде жана кайсы нааразылык акциясына катышканы үчүн камакка алынганын тактаган жок, андыктан алардын канча убакыт абакта отурганы белгисиз.
Февраль айынын башында өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи “он миңдеген” туткундарга, анын ичинде нааразылык акциялары маалында камакка алынгандардын айрымдарына ырайым кылганы кабарланган.
Иранда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын күзүндө болгон. Алар хиджабды туура эмес кийгени үчүн моралдык полиция тарабынан кармалган 22 жаштагы Махса Амини каза болгондон кийин башталган. Күбөлөр, анын ичинде Амини менен бирге кармалган аялдар, ал өлөр алдында катуу сабалганын жана башынан оор жаракат алганын айтышкан. Ирандын коопсуздук кызматкерлери кыздын өлүмүнө тиешеси жоктугун айтып, ал жүрөк оорусунан улам каза болгонун айтышкан.
Иран Интернейшнл уюмунун маалыматы боюнча, нааразылык акцияларынын натыйжасында 19 миңдей адам кармалып, анын ичинен бир нече жүздөй адам өлүм жазасына кесилген. Бир нече өлүм өкүмдөрү аткарылган. Ирандын мурдагы президенти Али Акбардын кызы Хашеми-Рафсанжани нааразылык акцияларына катышууга чакырганы үчүн соттолгондордун арасында болгон.
Булак: NazarNews.kg