www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чуулгандуу окуяда аты аталган Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров кылыгы үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. Ал жоопкерчилик тартууга даяр экенин NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Мага байланыштуу окуяга баарыңыздар күбө болдуңуздар. Учурда укук коргоо органдары иликтеп жатат, мен тергөө менен кызматташып баардык керектүү маалыматтарды берүүгө даярмын! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилейм.

Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Жабырлануучудан, анын үй-бүлөсүнөн, досторунан кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле шайлоочуларымдан, бардык кыргызстандыктардан чын жүрөктөн кечирим сураймын.

Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн терең өкүнөмүн. Мени кечирип коюуңуздарды суранамын!", - деди эл өкүлү Абиров.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тараган.

Жабырлануучу Октябрь РИИБине ден соолугуна залал келтиргендерге чара көрүп берүүсүн суранып, арыз менен кайрылган жана Улуттук госпиталга баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен жаткырылган.

Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул окуянын бардык катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери уланууда.

Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости