www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүүүш, крыша келатат…

Негизи кызматка барыш үчүн пара бермейди өзүбүз эле “гүлдөтүп” жибергенибиз калп эмес. Шылуундар чоң бийликтеги төбөлдөргө кошомат кылып, жагалданып ат тезегин кургатпай бара (пара) бергени үчүн ошондой эпчил топ пайда болгону ырас. Акыры жүрүп отуруп пара бермейинче иш алдыга жылбай калган. Айрыкча сот, бажычы, салыкчы, банкир, жол тоскуч, светчи болууга ашыккандардын “ставкалары” улам жогорулап кеткени боюнча узун сабак сөз кылса болот. Ал тургай кайсыл кызмат канча тураарын деле түндө ойготсоң да жаңылбай айтып берчүлөр арабызда эле жүрөт. Кыйын жол тапкан, тилинен мөөрү төгүлгөн ортомчулардын сый-урматы өзүнчө берилет, тигил паранын эсебине кошулбай. Баш прокурорлордун, соттордун, министрлердин, олигархтардын ишин кеңири жайылткан көздөй кишилери барын деле кулагыбыз чалып калат. Эмнеси болсо да мындай илдеттен азыр эле кутулуп каларыбыз жомок деп койсок дал келет.

Маселен, кезинде Жанышка, Максимге тызылдап чуркап барып орчундуу маселе чечип жүргөндөрдүн тукуму соолуп калды дегенге ким ишенет? Акматтын, Адылдын чачпагын көтөрүп жүргөндөр гектарлап жерлерге ээ болушуп, майлуу кызматтарга отурушуп жүргөнүн баары эле билет. Кызматы, байлыгы, таасири бар эргулдар бүгүнкү күндө оозун чормойтуп, сөөмөйүн кезеп, тыңсынып ар кимге кашынып калышты го, чиркин! Ыңгайлуу кырдаалды күтүп жатышканы деле алаканга салгандай байкалып турат. Эгерде эле жерден тешик пайда болсо булт этип ошол тараптан чыга каларында деле күмөн жаралбайт. Анткени булар мурункусуна дагы, азыркы бийлигине да кош көңүл мамиледе. Калптан эле жан тартымыш болуп сүйлөгөнү кадимки эле “показуха” деп койгондон бир тал чачыбыз түшүп кетпейт.

Ошол дарт менен мезгилинде Илмиянов Икрамжан ооруганын эми колунан “камчысы” түшкөндөн кийин айтып жатышканы кайсыл логикага сыят? Анткени бийлиги колунда турганда азыркы сынчылар айбыгып, ийменип турганы деле чын болчу. Документалдуу тасма кыла коюшуп, расса мактап, жактап жүргөн эргулдар эми Икрамдын аркасынан жамандап түшпөй калышканы абдан опурталдуу. Так ошол эпчилдер шопурдун колунан “сыйлыктарын” уучтап алып жүрүшпөдү беле? Икрамжан акебиздин амири менен оокатыбызды кылып жатабыз деп тилин чайнап тынымсыз кепшегендер неге азыр ошол “жемиштүү” кезин эскеришпейт? Заматта жүз буруп кеткен жазмакерлердин жолоюна не деген баа-барк берсек болот? Турмуштун табияты ошондой экен, анын ордуна башка “тамырлар” өсүп чыга баштады. Баралына келгенде Икрам дегендер артта калат деп койсок жаңылган болбойбуз. Себеби, кандай бийлик келбесин баары бир билермандардын, таксырлардын эки тикчийген кулагы өсүп чыгат. Макул, ак үйдөгү Манас Арабаевди кулатышты дейли? Бирок, анын ордуна келгени ошол жаман адаттан алыс болор бекен? Айтыш өтө оор, бир жумадан кийин эле аны жолунан адаштыргандар сөзсүз табылат.

Баса, акыркы мезгилде дагы бир укмуш кубаттуу киши пайда болду деген “жел” согуп турат коомчулукта. Ал “крышалык” кылган азаматтар шарт эле генеральный деген улуу аты бар кызматтарга келишет имиш. Ак үйдүн бурчтарынан аны көргөндө кирерге тешик таппай калышат экен деген каңшаарлар тымызын айтыла баштады. Мурда аны кыйгап өткөндөр азыр ийиле таазим кылып, башын ийкегилеп жиберишээрин байкагандар үнүн секин чыгарып калышыптыр, тообо! Ошентип эле ыйбаа кыла берип жети баштууларды “өстүрүп” жиберип жатпайлыбы, кокуйгүн. Айтор, алфавиттин эң башындагы тамгадан башталган кудуреттүү болуп бараткан кишинин ким экенин билбей калуу мүмкүн эмес. Тилдин эле учунда турат, Абдыжапаровбу, же Апсатаров беле? Үлкөн адамдын бажасы дейби, же бөлөсү дейби, ошону тактап аларыңарга ишенебиз. Балким ак үйдөн өсүп чыккан “Чокчолой баатырлар” жардамга келишээр, кантсе да ошолор имиштерди керектүү жерлерге ыкчам жеткирип турат эмеспи? Чүүүш, крыша келатат деген атка конгон адамдын так атын тапканга көмөк көрсөткүлөчү, бай болгурлар? Склероз деген балээ кээде ошентип тантытып коет турбайбы. Болбосо эки саат мурда эле жанымдагылар атын айтып өлө ал кишиге суктанып жатышкан…

Булак: Ачык сөз

Последние новости