www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Муратбековду кимдер гана билбейт. Мамлекетке кызматка бизнестен келсе да, айрымдарга окшоп акчанын артынан түшүп кетпей, иштин көзүн таап иштеп, барган жерин гүлдөтүп жатканы жалпы элге маалым. Нарында губернатор болуп турганда, губернатор кандай иштеш керек экенин баарына көрсөттү.

Ал тургай ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев мен деген атка минерлерге; “Муратбековдон үлгү алгыла” – деп айткан. Эки үч жылдан бери Экотехинспекцияны жетектеп, аталган мекеменин аброюн кадимкидей көтөрүп, экология, курулуш жана башка тармактагы мыйзам бузууларды ашкерелеп, тартипти татынакай кылып орнотуп жатканы кашкайган чындык. Экотехинспекция мурун эптеген эле мамлекеттик мекеме болсо, азыр алдуу-күчтүү, бийлик таянган эң маанилүү кызматтардын бирина айланган. Анан Экотехинспекцияны ушундай жогорку деңгээлге жетирген иш билги сонун иштеп жатканда, капталдан көрө албагандар жиреп чыгышат.

Тилекке каршы, бул көрүнүш бизде адатка айланып баратат. Кыскасы, Муратбековду көрө албагандар жогорку жактагы билермандарга жалгандан жомок токуп ушактап жатып, акыры кызматтан алдырганы калышыптыр. Өкүнүчтүүсү бизде колунан иш келбеген, бирок акчасы мансабы чоң адамдардын сөзү өтүмдүү болот эмес.

Бирок президент Сооронбай Жээнбеков , жаңыдан билек түрүнө ишке киришкен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев иштин көзүн билген кадрды кызматтан албай, тескерисинче көтөрмөлөп, колдоп турушса, эң ириде элге, мамлекетке эле чоң пайда болмок. Муратбековдун Экотехинспекцияда жасаган чоң эмгегин эл да билет. Ал эми бийлик деле эң сонун билип турат. Бирок бийликтегилердин көбү жактырса, айрымдары ич күйдүлүк кыла беришет турбайбы.

Булак: Багыт

Последние новости