www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-январь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Чычкан капчыгайы) Чычкан суусуна түшүп кеткен "Фредлайнер" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаасын суудан чыгаруу иш-чараларын жүргүзүү максатында, 22-январь күнү саат 15:30да жерине КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ӨКМнин Токтогул шаардык жана райондук бөлүм башчысы,

КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана Кара-Көл шаарындагы Нарын ГЭС ишканасынан QY100K (XCVG) үлгүсүндөгү 100 тонналык чоң кран унаасы тартылып, саат 17:30да сууга түшүп кеткен  күйүүчү май ташуучу унаа чыгарылып, оор жүк ташуучу трал унаасына жүктөлүп, Токтогул районун көздөй жөнөтүлгөн деп билдирет КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости