www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда бүгүн Диний экстремизм жана терроризмге каршы демилгеленген "Балдар биздин келечегибиз" деген аталыштагы форум болуп өттү.

Алгач, келген конокторго Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук Драма Театрынын алдындагы 4-курсунун студенттери тарабынан "Рэкетке жол жок!" аттуу сахналаштырылган сценка коюлду. Анда рекетчил болбоого, андан кандай жол менен арылуу керек жана мындай кырдаалга туш болгондо биринчи кандай чараларды колдонуу керек экендиги так көрсөтүлүп, айтылды. Форумга Бишкек Шаардык Кеңешинин төрагасы Кененбаев Алмаз, Бишкек шаарынын биринчи-вице мэри Макенов Ринат, Бишкек шаарынын прокурору Калмурзаев Болот, Ислам университетинин ректору Нарматов Абдышүкүр, билим берүү башкармалыгынан Мээрманова Сауле, диний ишмер Маликов Кадыр, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Форумда диний экстремизм жана терроризмди кандай жол менен токтотуу жана анын алдын ала жолдору айтылды. Ошондой эле, аталган форумдун аягында резолюция кабыл алынды. Катышуучулар бул форумду жыл сайын өткөрүп туруу керектигин белгилешти.

Ар бир келген форумдун катышуучусуна китепчелер таратылды.

Жазгүл Урмамбетова,

Булак: NazarNews.kg

Последние новости