www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жутунгандар оокатты ойлосо, Ноокатты ойлогон, жутунгандар байлыкты ойлосо, айлыкты ойлогон Бектуруш Салмагани деген күн чыгыштын «великий» акыны бар. 2009-жылы президенттик шайлоо учурунда элет кыдырып келет. Түштүктүн аксакалдары сурайт: «Курманбек үкабызга каршы чыккандар кимдер экен?» -деп. «Атамбаев ичкилик, Сариев-жоо чалыш, Үмөталиева-кушчу, Мотуев-саяк...»-деп шатырата айтып берет. «Тээтиги Аркада сарбагыш деген кичкинтай эл бар, ошолордон биттасы бар бекен?», «Жок» -дейт, «Жок болсо, Курманбек үкабыз бул шайлоодо жеңет тура»-дешет. Жеңет.

2011-жылы президенттик шайлоодо дагы эл кыдырат. Түштүктүн аксакалдары кимдер бар экен деп сурайт: «Атамбаев ичкилик, Мадумаров - ичкилик, Ташиев –чоң багыш, Арстан Алай - черик...»-дейт. «Тээтиги Аркада сарбагыш деген кичкинтай эл бар, ошолордон биттасы бар бекен?», «Жок» -дейт, «Жок болсо, ичкиликтин биттасы шайлоодо жеңет тура»-дешет. Атамбаев жеңет.

2017-жылы президенттик шайлоодо дагы эл кыдырат. Түштүктүн аксакалдары кимдер бар экен деп сурайт: «Жээнбеков -Теңизбай, Мадумаров – ичкилик, Бабанов - саруу, Арстан Алай - черик...»-дейт. «Тээтиги Аркада сарбагыш деген кичкинтай эл бар, ошолордон биттасы бар бекен?», «Жок» -дейт, «Жок болсо, өзүбүздүн балдардан биттасы шайлоодо жеңет тура»-дешет. Жээнбеков жеңет.

2021-жылдагы президенттик шайлоодо дагы эл кыдырат. Түштүктүн аксакалдары кимдер бар экен деп сурайт: «Мадумаров – ичкилик, Сегизбаев-саяк, Арстан Алай - черик...»-дейт. «Тээтиги Аркада сарбагыш деген кичкинтай эл бар, ошолордон биттасы бар бекен?», «Бар экен,Садыр Жапаров деген». «Ай болбостур, бул жолу берели эми. Лекин, сарбагыштар бир отурса 15,25 жыл отуруп алчу эле, азыраак эле мөөнөткө берсеңер» -дептир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости