www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айсулуу Мамашова:

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Үй-бүлөлүк зомбулуктан күзөттөө жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселе каралууда.

Депутат Айсулуу Мамашова Тоңдо 13 жашар кызды зордуктагандарды актаган судья тууралуу маселени көтөрдү.

"Дайыма сотторубуз акыйкат болуш керек деген талаптарды коёбуз. Балдар биздин келечегибиз деп айтып, иш жүзүндө жасаган ишибиз ушундай зөөкүрлөрдү актап, акыйкатты сезбейбиз. Кечээ бул маселени комитетте карап жатканда бир дагы прокуратура кызматкери жыйынга келген жок. Же бул маселе сиздер үчүн маанилүү эмеспи?" - деп сурады депутат Айсулуу Мамашова.

Прокуратуранын өкүлү чакыруу кат келген эместигин айтты.

Депутат: "Чакырылгансыздар. Сизди келет деп күтүп жатканбыз. Сотту жоопкерчиликке чакырганга кандай мүмкүнчүлүктөр бар?" - деп сурады.

Прокуратуранын өкүлү: "Бул иш соттун экинчи инстанциянын кароосунда. Биринчи инстанциянын чечими жокко чыгарылса, соттун жоопкерчилигин карайбыз. Кароонун жыйынтыгы менен сөзсүз чара көрүлөт", - дейт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости