www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Сот  Ташиевдин маалыматы боюнча үн катты

Жогорку Соттун маалымат кызматы мекеменин төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматка жооп берди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында Гүлбара Калиевага «Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү кылмыш ишине тийиштиги бар экенин кабарлаган.

Бул иште мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилген.

Жогорку Сот күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциби болушу керектигин эскертип, жарандын айыбы далилденип, сот өкүмү чыкканга чейин ал күнөөсүз деп саналарын айтууда.

«Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүү боюнча долбоор Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү» программасынын алкагында жасалган. Тендер өткөрүү, аткаруучу компанияны тандоо иши эл аралык уюм тарабынан жүргүзүлөт. Андыктан Жогорку соттун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин айтылган айыптоого тиешеси жок», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости