www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгыш ханышалары. Араб айымдарынын сулуулук сырлары

Араб өлкөлөрүндө жашаган айымдардын сулуу жүздөрүн жана денелерин көрүнбөстөн жашырып жүрүүсү тууралуу укмуштуудай уламыштар айтылып келет. Сырдуу аялдар чачтарды алып жүрүүсүн баркыт сымал териси жана сулуулук сырларын кылдаттык менен сактап, аларды укумдан-тукумга еткөрүп беришет. Кантип бул жөнөкөй аялдар ушунчалык сымбаттуу көрүнүшөт? Алар кандай жашыруун сырга ээ?

Жашыруун болгонуна карабастан, биз араб аялдарынын сулуулугунун бир нече рецепттерин билдик.

Чачка кам көрүү

Араб сулууларынын коюу, жаркыраган чачтарынын сыры чыныгы табигый азыктарды пайдаланышында. Бул сулуулар башын жууштун алдында сөзсүз кычкыл сүт же айран менен сүйкөшөт. Кычкыл сүт азыктары чачтын түзүлүшүн калыбына келтирип, жылтырак жана жылмакай кылат. Пайдаланып көргүнүз келеби? Анда дүкөндөн сатып алган айранда пайдалуу касиеттери жок болуп калат, ага караганда үйдө жасалган айранды пайдаланганыңыз дурус болот.

Каш жана кирпиктер

Араб кыздары кирпиктердин жана каштардын өсүшүн стимулдаштыруу үчүн табигый осмо майын жигердүү колдонуп келишкен. Биз бул азыкты өзүбүзгө бир ай сынап көрдүк. Колдонгондон кийин кирпиктер узарып, ал эми каштар калындай баштаарын байкадык.

Бетке кам көрүү

Чыгыш сулуулары терини тазалоо үчүн табигый тоник - кызгылт суу колдонушат. Ал мицелляр суусунун ордуна пайдаланылат. Бул болсо тынчтандыруучу касиетке ээ болуп, теринин сезгенүүсүн жана кызаруусун басат.

Жылдын каалаган мезгилинде европалык кыздар теринин алтын түсүнө умтулуп жатышса, чыгыш сулуулары тескерисинче, терисин агартууга аракет кылышат. Сизге белгилүү болгондой эле араб кыздары табигый масканы колдонушат.

Үйдө жасалган маскалардын эң популярдуусу-куркума. Мындай масканы жасоо оңой жана жөнөкөй: 2 аш кашык ун, бир чымчым куркума, 2 аш кашык кызгылт суу жана ошончо эле сүттү аралаштырыңыз. Пайда болгон массаны бетинизге коюп, 20 мүнөт карманыз жана жылуу суу менен чайкаңыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости