www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каратэ бул - колунда куралы жок, куралсыз кол дегенди билдирет. Анын, дегеле чыгыш таймаш өнөрлөрүнүн өзүнүн бир терең философиясы бар. Бул тууралуу чыгыш таймаш жана кытай медицинасы боюнча устат Макен Исаков NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
--"Азыр каратэни учурдагы машыгып жаткан балдар канчалык баалашат билбейм. Интернеттен ыкмаларды үйрөнүп, өзүнчө машыгып жатышат. Окутуучуну интернет эч качан алмаштыра албайт. Аларда биздикиндей энтузиазм жок болсо керек деп ойлойм. Биздин учурда каратэнин бир өзүнчө сүрү, сыры байкалып тураар эле. Азыр болсо кадимки, валейбол, баскетбол сыяктуу эле спорттун түрү болуп кетти.
Чыгыш өнөрлөрүнүн бир өзгөчөлүгү бар. Ал өнөрлөрдүн астындагы пайдубалы цигун деп аталат. Ички энергияны башкара билүү деп которсо болот. Ошол көнүгүүнү жасаганда маалыматтын берилиши башкача болот. Мисалы биз математика, физиканы интеллект аркылуу кабыл алабыз. А мында болсо окутуучунун жанында туруп, анын энергиясын сезип, бир энергия талаасы пайда болот деп айтылат. Негизи кытайлар аны далилдей алышкан жок, бирок практика кылган адамдар ошону сезет. Чыгыштын бир сырдуу дүйнөсүнө түшөсүң кадимкидей. Бул чыгыш таймашы кылымдан-кылымга келе жаткан бир чоң маданият", - дейт Макен Исаков.
Маек толугу менен төмөнкү тасмада:
Булак: NazarNews.kg