www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Чыңгыз Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Жогорку Кеңештеги анын өздүк булактары ​​билдирди.

Алардын айтымында, Айдарбековдун ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу дарыгерлер диагнозду тактоо жана андан кийинки дарылоо үчүн комплекстүү текшерүүдөн өтүүнү сунуштаган. Ошондуктан ал убактылуу жумуш ордунда болбойт. Бирок анын кайда дарыланаары жана Кыргызстандан канча убакытка кеткени азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, Айдарбеков кесиптеши Эмил Жамгырчиев менен 26-ноябрда Кордайга сөөк коюу тажиясына бара жатып, “Ак-Жол-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өтүп жатканда Жамгырчиевди өткөрүүгө тыюу салынганын чек-арачылар айтып, өткөрбөй коюшкан. Кийинчерээк Жамгырчиевди атайын кызматтын кызматкерлери УКМКга алып кеткен.

Эртеси, 27-ноябрда, депутат Эльвира Сурабалдиева Айдарбековдун дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ал эми бүгүн, 28-ноябрда, УКМКнын басма сөз кызматы депутат Чыңгыз Айдарбековдун кармалбаганын билдирген.

Булак: Kaktus.media

Последние новости