www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УТРКнын өкүлү, журналист Чынара Капарова “Улуттук биринчи каналдын” логосунун өзгөртүлүшү тууралуу маалымат берип, жаңы логодогу ар бир белги мааниге ээ экенин "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу билдирди.
“Логотип: Бир саны — Улуттук каналдын “Биринчи” экенин билдирет. Көк түсү — көгүлтүр экран белгиси. Бир санынын экиге бөлүнүп турушу — телекөрсөтүү жана радиоуктуруу. Үч бурчтук — көрсөтүү жана уктуруу толкундарын таркатуучу “тарелканын” элесин берет!”, — деп жазган Капарова.
Бирок, УТРКнын жаңы логосу жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Көпчүлүк интернет колдонуучулар лого Орусиянын “Биринчи каналынан” көчүрүлүп алынганын айтышты. Ал эми, ПолитКлиника медиасы телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөнүн аныктады.
“Улуттук биринчи каналдын” логотибинин антиплагиатка текшерип көргөндө Орусиянын ОРТ каналына эмес, Афганистандын 1TV Kabul телеканалынын логотибине абдан окшош экенин көрүүгө болот.
Булак: NazarNews.kg