www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайсы мамлекет болсо да ошол мамлекеттин эң орчундуу тармагы бул- социалдык маселелерди тейлеген тармак. Ал эми биздин араң-жан жашап жаткан Кыргыз Өкмөтүнүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде эмне деген шумдуктар болуп жатат? Нервди булар кашардай кайнаттыго, эй! Аталган министирликтин башында турган башчысы Таалайгүл Исакунова өткөндө Жогорку Кеңеште өзү иштеген министрликтин аппаратында канча кызматкер иштээрин айта албай, анда бир оозубуз ачылган. Жакында болсо Таалайгүлдүн орун басары болуп жүргөн Зуура Каденова дегени тигинтип чет өлкөдө -Түштүк Кореяда «кырк жылкысын ышкырта коем деп» кызматтан кетти эле.
Ошого да болбой Зуура айым «жүрөгүм ооруп спирт кошулган валидол, корвалол ичип алгам, ошол оозумдан жыттаныптыр, мас эмес болчумун» деп актанып чыкпадыбы. Эми Т. Исакунованын дагы бир орун басары Лунара Мамытова өзү ардагерлер менен иштеген министрликте иштеген жүрүп, Кыргызстандагы орточо пенсия 5401 сом экенин, АКШ $ өсүп,Улуттук валюта-сом девальвация болгонун, инфляция эң жогорку чекте экенин билбей өзүнүн соц баракчасына төбөдөгү чачты үрпөйткөндөй пикирин калтырды: « Германия, Бельгия , Турция, Египет, Америка ж.б. өлкөлөргө мен мурун эле барып келгенмин. Министрликке келгенге чейин эле. Өз каражатымдан. Себеби менин девизим-Дүнүйө чогултпай, дүйнө кыдыр! Ошондо ички дүнүйөн кеңейет, чоңоесун, акылына акыл кошулат. 198.5 км 2 жерден (Кыргызстан дегениред.) башка да толтура жер бар. Каткан акчаңды чыгар.
Ооба баягы кара күнгө деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялыңдагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат. Жашоо маңызы... Генетикалык кедейчиликтен арылуу... Эртеңки күн бүгүн башталат»-дептир атындай кооз жашоону жакшы көргөн Лунара айым. Кыргызстанда 30 миң сом пенсия алгандар бардыр мисалы: бир кезде бийликте иштеп ири компанияларга акционер болуп алгандар, дагы сандаган паракор генералдар! Бирок калктын 99%, 30 миң сом пенсия алышпасын «саякатчы» казнадан айлык алып, мамлекеттин машинада жүргөн кызматы боюнча дал пенсионерлерди тейлеген Лунара айым биле бербесе керек, өзү дал ошол тармакта иштесе да. КР орточо пенсия 5 миң 400 сомду түзөт.
Бул акча улгайып, ден-соолуктары начарлаган адамдардын дарысына, коммуналдык төлөмдөргө тамак-ашка өп-чөп жетет же жетпей жакындарынын жардамыдарына муктаж болуп күн көрүшүүдө. Бул факт жана дагы факт! Мындай жагдайды социалдык минстрдин орун басары Л. Мамытова эмес карапайым адамдар жакшы билишет. Барыдан да «каткан акчаңды чыгар!» деп улуу муундагыларга акыл айтканы кызык. Мамлекеттик кызматкердин , болгондо да министридин орун басарынын деңгээли ушундай экен. Ал эми акча туурасында айтсам ар ким өзү билет акчасын кайда сарптаарын. Айтор сөз кылып жаткан министрликтин ичи, тышын молдого дем салдырып койбосо эпкиндеп калгандай. Бир сөз менен айтканда Кыргыз Өкмөтүнүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин башкарып жаткан бул айымдар ээлеген кызматына эч ылайыксыз экен! Азыр алардын жоруктарына коомчулук, айрыкча улуу муундун өкүлдөрү жерге түкүрүп жатат.
Ушундайда Жогорку Кеңештин «катардагы эле» депутаты, Асылбек Жээнбеков ал кезде спикер болуп турган учурунда андагы өкмөт башчысы бийик тоолуу райондордо жашаган элдердин жөлөк пулдарын жөнү жок жерден алып салууга аракет кылганда, Теңир Тоолуктар ызгаарга карабай өкмөттүн ал кадамына карата ызырынып көчөгө чыкканда айтканы бар, «элдин социалдык маселеси менен ойнобош керек, социалдык маселе деген оюнчук эмес» деп. Анын сыңарындай ошол социалдык маселелер менен «ойноп жаткан» Таалайгүл, Лунара деген айымдарды “Чык эшикке, эй, чык деп жатам, эшикке!” деп айтышы керек, жогорку бийликтегилер?! Антпесе мындай «жаралар» эртең элдин чоң нааразычылыгын жаратып коюушу толук мүмкүн.
Жолдошбек Токоев
Булак: "Айгай"