www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акциялары токтой элек. Вашингтон менен Нью-Йорк баштаган 40тай шаарга коменданттык саат киргизилгенине карабай демонстранттар сегизинчи күн катары менен көчөгө чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Нью-Йоркто полиция менен демонстранттар кагылышты. Бешинчи Авенью көчөсүндөгү дүкөндөр, соода жайлары таланып-тонолуп, бүлдүрүлдү. “Трамп Интернешнл” мейманканасынын жанында да башаламандык болду.

Президент Дональд Трамп жергиликтүү бийликтен Нью-Йоркко Улуттук Гвардияны киргизүүнү талап кылды, бирок губернатор Эндрю Куомо ага макул болгон жок.

Трамп “Твиттердеги” баракчасына “Нью-Йоркту талоончулар, бандиттер, радикал солчулдар жана ар кандай самсаалаган адамдар ээлеп алышты. Губернатор Улуттук гвардияны киргизүү тууралуу менин сунушумду колдобой жатат. Нью-Йорктун таш-талканын чыгарышты”,-деп жазды.

Башаламандыкта полицияга жардам берүү максатында 29 штатка 18 миң аскер жайгаштырылды. Пентагон Вашингтонго 1600 аскер бөлүнгөнүн билдирди.

Дональд Трамп бир канча күндөн бери уланып жаткан башаламандыкты токтотуш үчүн армияны колдонорун эскерткен.

АКШда нааразылык акциялары Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмүнүн айынан башталган. Көчөгө чыккандарды Жорж Флойдду дем ала албай жатканына карабай, моюнун ныгыра басып муунткан полиция кызматкеринин аракети жаалданткан.

Окуяга байланыштуу төрт полиция кызматкери жумуштан алынган, кийин Флойдду тизеси менен ныгыра басып муунткан кызматкер камалган. Нааразылык акцияларына чыккандар калган үч полиция кызматкерин да камоону, полициянын расисттик аракеттеринин токтотулушун талап кылып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости