www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-сентябрда Ош шаарында “Бир Бол” саясий партиясы уюштурган жаштар форумда депутаттыкка талапкер Чынар Капарова элди тууганчылык, жердешчилик деген оорудан арылып, татыктууларды шайоого чакырды.
“Урматтуу элим, эгерде сиз кайсы бир партияга добуш берүүнү билбей жатсаңыз, анда тизмени карап чыгыңыз. Курамында кимдер турат, буга чейин жемкорлук иштерине малынганбы жокпу, текшериңиз. “Бир Бол” партиясында буга чейин саясатка аралашпаган, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөр чогулду”, - деди ал.
Ч.Капарова партия элдин колдоосуна ээ болуп, шайлоодон ийгиликтүү өтүп калса, аялдар менен жаш балдардын, ошондой эле пенсионерлердин укуктарын коргоо негизги милдети болорун баса белгиледи.
“Кыргызстанда 660 миңдин тегерегинде пенсионер бар. Алардын 40%ы 4 миң сомго жетпеген пенсия алышат. Тилекке каршы, бул аздык кылат. Ошондуктан жыл сайын өзгөртүүлөрдү киргизип турган программа болушу керек, бизде ошондой программа бар”, - деди Ч.Капарова.
Бүгүн Ош шаарында “Бир Бол” саясий партиясы уюштурган жаштар форуму өтүүдө. Иш-чарага партиянын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Абдисаит Каримбеков, Жоомарт Жолдошев, Фарход Алимжанов, Чынар Капарова, Дүйшөн Төрөкулов, Шаирбек Маматокторов, Жодар Сайдилканов, Эсен Арзиев жана партиянын тарапташтары катышып жатат.
“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 22- сентябрь, 2020-жыл.