www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия төрт мамлекеттин - Беларустун, Кыргызстандын, Кореянын жана Казакстандын жарандарына өлкө аймагына кирүүдөгү чектөөлөрдү алды. Бул тууралуу Орусиянын өкмөтү билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-сентябрдан тартып аталган өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагына аба каттамдары аркылуу кирүүгө уруксат берилет.
Ал эми аба каттамдары жумасына бир жолу жүргүзүлүп турат. Кыргызстан, Казакстан, Беларус менен аба каттамдары 21-сентябрда, Түштүк Корея менен 27-сентябрда калыбына келери айтылды.
Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу аба каттамы жандана турганын 22-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын жыйында орус вице-премьер-министри Алексей Оверчук да билдирди.
Булак: NazarNews.kg