www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук колдонуучу Чынара Эсенбекова мугалимдердин тагдыры тууралуу өзүнүн пикирин жазып чыкты.

--Жаштарга орун бошотуп койгула деп жатабыз, бирок, 30 жылдан ашуун мектепте мугалим болуп иштегендер пенсияга чыкса 2900 сом менен чыгышат…Эптеп прокурор, сот, мамкызматкер болуп иштегендер олчойгон пенсия алышат. Спикер эмнени кыйраткандыгы үчүн? Министрлер эмнени жасагандыгы үчүн? Алардан канча эселеген көп жумуштарды аткарган мугалимдер эмнеге арзыбаган тыйынга татыктуу?

Профсоюздар ушундай көйгөйлөрдү эмнеге алып чыкпайт? Мугалимдер арызданып барса профсоюздар шылдыңдап, директорду угушуң керек, ыйлап келбе деп жолго салышат...бул эмнени билдирет?

Канча деген билим берүү министри алмашып жатат, кана өзгөрүп кеткени? Канча президент, премьер-министр алмашты, кана өзгөрүп кеткени? Канча деген парламент депутаттары өз мөөнөттөрүн өтөштү, кана өзгөрүп кеткени?

Бир дагы парламент мугалимдердин айлыгы көтөрүүлүсүн көтөрүп чыкпады, кайрадан тетирисинче, шайлоодо кагаз кол аарчыдай пайдаланып, таштандыга салгандай таштап салат, баардыгы эшектери ылайдан өткөнчө шыйпаңдап, түлкү сымал жойпуланып турушат.

Эмнеге? Эмне үчүн?

...Билимдин сапатын, жаштардын сабатын жакшыртуу үчүн эң оболу мугалимдин аброюн жана айлык маянасын көтөрүү керек.

Мугалимдерден социалдык төлөмдөрдү алып салуу, саясий оюндарга аралаштырбоо, кереги жок кагаздардан арылтуу, кол баладай көрүнгөн жумуштарга салбоо, жыл сайын ЭҢ мыкты иштеген мугалимдерге сыйлыктарды берүү, таанышына эмес татыктуу таланттуу мугалимдерди тандоо, атайын педогогикалык билими жокторду акысыз окутуу, мугалимдерди окуу куралдары менен толук камсыздоо, мугалимдерди өзүнө эмес, окуучулардын билим деңгээлине жараша балоо жана башка ушулар сыяктуу мугалимдер үчүн эң керектүү шарттарды түзүү боюнча сунуштарды тез арада карап чыгуу керек, - деди Чынара Эсенбекова.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости