www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримтөбөл Камчы Көлбаевди бүгүн же эртең абактан бошотушу ыктымал. Бул туурасында бүгүн эртең менен Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан алынган Кеңешбек Дүйшөбаев кабарлады.

Белгилей кетсек, отставкага кетери менен Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындады.

"Бир кримтөбөлдү кармоо үчүн чоң шоу уюштурушту. Бизге жеткен ыкчам маалыматтар боюнча, бүгүн же эртең сот бошотот. Болбосо аны камаш керек болчу. Эгер бошотпой койсо, криминал өлкөнүн жаңы жетекчилерине доомат коёт. Бирок күтө туруу керек, бул ыкчам маалымат. Ал такталган, ошол эле маалда такталбаган болуп калышы мүмкүн", — деди Дүйшөбаев.

Эске салсак, Камчы Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") ушул жылдын 22-октябрында Бишкектен кармалган. Ошондой эле Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости