www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Түркия менен эки тараптуу кызматташууга кандай ой айтасыз?

- Биздин Түркия менен мамилебиз башынан эле абдан жакшы. Эгемендүүлүктү алгандан тарта алардын университети, мектептери ачылып, түрк дүйнөсүнө билим берүү аркылуу тартуу долбоорлору ишке ашты. Кийин эле Гүлен менен Эрдогандын ортосунда бийлик талашуудан улам пикир келишпестиктер орун алды да.

Айтып койчу нерсе, “Сапаттын” президентинин жоголуусунун бул жерде да байланышы бар. Муну менен Түркиянын атайын кызматы колу далай жерге жетерин көрсөтүп атат. Ошол эле учурда биздин өлкөнүн жаранына болгон мамилеге биз тараптан жооп кандай болот? Ушул суроо ачык бойдон калууда. Ошентсе да бул визитте Түркия менен мындан да жакындашуу аракеттери болушу мүмкүн.

- Президенттин Түркияга болгон сапарынан кийин Орхан Инандынын тагдырына байланыштуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

- Бул жааттагы өзгөрүүлөр эки тараптын сүйлөшүүлөрүнө жараша болушу мүмкүн. Бирок, Түркия тарап ушундай атайын операцияга баргандан кийин болору болду го...

- Эгер кырдаал эч өзгөрүүсүз калса, Кыргызстанга карата башка мамлекеттердин көз карашы кандай болот?

- Чынын айтканда, “биздин өлкө өз жарандарын коргой албайт” дегенге башка мамлекеттердин эчак эле көзү жеткен. Канча деген мигранттарыбыз четте жүрөт. Бирок, андагы элчиликтерибиздин мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Жалпысынан алганда абал кейиштүү.

- Түркия тараптан чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу жардамдар көрсөтүлүшү мүмкүнбү?

- Курал-жарак жактан сөзсүз жардамдар берилет. Бирок, бул чоң геосаясат болгондуктан, абдан коркунучтуу жагы бар. Коңшу өлкө менен согуш башталса, жалпы Борбор Азия үчүн кооптуу келечек түзүлөт.

- Жалпылай алганда, эки тараптуу мамилени мындан да жакшыртууга кадамдар жасалат экен да. Ал эми экономикалык жактан да келишимдер болушу ыктымалбы?

- Көбүнчөсү социалдык-гуманитардык жана коопсуздук жардамдарына багытталат. Экономикалык жактан да конкреттүү келишимдер, долбоорлор каралса, абдан сонун эле болот.

Булак: Азия News гезити

Последние новости