www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Марипови эл аралык стандарттардын талабына жооп берген металлдан, чоюндан, болоттон жана жана жүк ташуучу чиркегичтерден буюмдарды чыгаруучу заводдун иши менен таанышты.

Жакын арада завод электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоону пландаштырууда.

Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэриясына аталган автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы 2019-жылдын соңунан тарта токтоп турган мунайды кайра иштетүүчү «Джунда» заводунун абалы менен таанышты.

Тармактык мамлекеттик органдарга ишкананы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата ишке берүүгө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости