www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-сентябрда ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму болот. Жыйындын күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.

Белгилей кетсек ЖККУ жана ШКУ саммиттери Тажикстан Республикасынын төрагалыгында өтөт.

Бирок, ага Кытай менен Өзбекстандын лидерлери катышпай турганы айтылган. 

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул бүгүн, 17-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине төмөндөгүдөй пикирин билдирди. 

--"Бүгүн Тажикстанда ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отуруму болот. Ага Кытай менен Өзбекстандын лидерлери катышуусу керек болчу. Себеби ал отурумда Афганистандагы кырдаал талкууланат. Негизи Кытай менен Өзбекстан үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Себеби, алар Афганистан менен чектеш мамлекеттер да. Эмнеге эки өлкөнүн лидери катышпай жатканы мага таң калычтуу болуп жатат. Ошондой эле, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө экени баарыбызга белгилүү", - дейт серепчи. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости