www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин 2022-жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиадага катышуу боюнча Кытайдын чакыруусун кабыл алды.
Бул тууралуу Орусия ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдирди. Лавровдун айтымында, Кытайдын башчысы Си Циньпин Путинди Олимп оюндарына телефондук сүйлөшүү учурунда чакырган.
Белгилей кетсек, 2020-жылы Спорттук арбитраждык сот (CAS) орус жетекчилигине, анын ичинде президентке жакынкы эки жылда Олимпиадага жана дүйнө чемпионатына катышууга тыюу салган. Бул чечим Орусия спортундагы допинг чырына байланыштуу кабыл алынган.
Мындан тышкары, арбитраж эки жыл бою орус спортчуларынын эл аралык мелдештерге катышуусуна да тыюу салган. Гимндин аткарылышына да бөгөт коюлган.
Эске салсак, орус спортундагы кызытма жаңжалы бир нече жылдан бери уланууда. Кремль допинг программасы мамлекеттик деңгээлде болгонун четке кагып келет.
Булак: NazarNews.kg