www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан кийинки синдром учурунда тромб пайда болуу тобокелчилиги 30 пайызга өсөт. Ал эми шиш така кийүү бул ооруну күчөтөт.

Коронавирус менен ооруп айыккандарга шиш така кийүүгө болбойт. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору Сергей Токаревдин айтымына таянып URA.RU басылмасы жазды.

Медик белгилегендей, коронавирустан жаңы айыккан учурда шиш така кийүү кан айлануу функциясынын бузулуусун бир нече эсеге күчөтүп жибериши ыктымал.

"Коронавирустан кийинки синдром учурунда тромб пайда болуу тобокелчилиги 30 пайызга өсөт. Бул буттагы веналарга да тиешелүү. Шиш така бул ооруларды ого бетер күчөтөт", — деген Токарев.

Ал коронавирустан жаңы сакайган аялдарга шиш такадан баш тарта турууну сунуштаган. Себеби ал бутка жана венага кошумча күч келтирет. Ошол себептен адис жалпак бут кийим кийүүнү эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости