www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кырсык-каш кабактын ортосунда» деген сөздү бул окуя дагы бир ирет тастыктайт. Дегеним, кечээ эле таттуу балалыкта чоңоюп жаткан кичинекей Медина ойноп атып колун кокустатып алып, бир жуманын ичинде чоң эне, ата, апасын сыздатып, үч бир тууганын томсортуп бул дүйнөдөн кете берди. Жүзү көз жашына жуулган чоң эне небересинин өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себепчи болгонун айтып зар какшайт.

«Кызым кенедей эле эки ташка секирип ойноп атып жыгылып түшүптүр»

- Биз Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынан болобуз. Өзүмдүн бир уул, бир кызым бар. Уулум келиним менен колумда болчу. Алардын төрт баласы бар, Медина экинчи кызы эле. Жашообуз Кудайга шүгүр, эл катары өтүп жаткан. Анан уул, келиниме: «Мен алдан-күчтөн тайый элекмин, 54 эле жаштамын. Жаш убагыңарда иштеп алгыла»,-деп айтып ушул жылдын март айында Москвага жибергем. Алар барып иштеп, мен төрт баланы татынакай кылып багып, жашообуз жакшы эле өтүп жаткан. Неберелеримдин ар бир кыймылына көз салып, эшикке чыгып ойносо да карап турчумун. Медина кызым түйшүкчүл, бөбөктөрүн абдан жакшы караган, боорукер жан эле. Мектепте 2-класста окуп, «эне мен чоң кыз болуп, келечекте дарыгер болом» деген жакшы үмүттөрү менен чоңоюп келе жаткан. 3-сентябрь күнү адаттагыдай эле неберелерим эшикте ойноп жүрүшкөн. Бир убакта кызым кичинекей бөбөктөрүн үйгө киргизип коюп: «Эне, мен ойноп турайынчы? Кыздар күтүп атышат»,-деп кайра эшикке чыгып кетти. Көп өтпөй эле колун кармап байкеси экөө кирип келишти. Кыздар менен кенедей эле эки ташка секирип ойноп атып жыгылып түшүптүр. Жерди сол колу менен таянып жыгылып, колуна сөөкпү, жыгачпы, учтуу бир нерсе кирип, колун тешип кетиптир. Көрүп эле коркуп кетип йоддон куюп жибердим. “Ооруп атабы?» десем, «жок» деди. Анан кызымдын колун таңып, мойнуна асып койдум. Айрым жерлерде «кыздын байкеси канаган жерине кум сээп коюптур» деп жазылып жүрөт. Аны окуп небере баламдан сурасам ал «Мединанын колуна тийген эмесмин» деп атат. «Дарыгерлер “жакшы” дегенден кийин жакшы болсо керек деп ойлодум»

- Эртеси 4-сентябрь кызымды ооруканага алып барууну көздөдүм. Биздин аймактагы ооруканада бир эле карыган эже иштейт, рентгени болбосо ал деле кызымдын колунун эмне болгонун кайдан билмек эле.

Андыктан Чолпон-Атага алып барууну туура көрдүм. Ошол учурда «Көчмөндөр оюну» уланып жолдун баары автотыгын эле. Таксиге сүйлөшсөм: «Чолпон-Атага барбайбыз, жолдун баары милиция»,- деп коюшту. Үйгө келип Мединанын абалын сурасам «колум ооруган жок» деди. Дене табын текшерсем жайында, колун кыймылдаттырып көрдүм. Ошо менен ал күнү доктурга барбай калдык. 

Эртеси Чолпон-Атадагы ооруканага алып бардым. Кызымдын колун рентгенге тартышып, поликлиникадагы хирург-травматологго барышым керектигин айтышты. Барсам, дарыгер Кубанычбек деген жаш бала экен. Алгач көргөндө жаштыгынан өзүмчө күмөн санап, кайра «азыр жаштардан мыктылар чыгып атпайбы» деп ойлоп кызымды алып кирдим. Дарыгер кызымдын колун көрүп, бинт, кебез алып келишимди айтты. Дарыканага барып келгенимче кызымды жарааттарды таңуу бөлмөсүнө алып кирип колуна ийне сайыптыр. Мага: «эже, ачык сынуу болгон турбайбы?»-деди эле: «Ооба, балам, бул жеринен кан чыгып атат, эмне киргенин билбейм. Сөөк, чөмөр же куурай кирип кеткенби?» десем менин сөзүмдү укпай кирип кетти. Сыртта күтүп отурсам бир убакта кызымдын кыйкырганы угулду, чуркап барсам кызымдын колун карматып койду, өзү таңып атыптыр. Эмне болгонун сурасам: «Болду, салып койдум, баары жакшы. Жараатын тазалап, гипс койдум»,- деди. Аны кагаз жазып береби деп турсам телефонуна чалуу келип, алаксып калды. «Мен эми эмне кылышым керек? Бир нерсе жазып бересиңерби?» деп сурасам, «эч нерсе кылбай эле коюңуз. Бир жумадан кийин келесиңер. Азыр кайрадан рентгенге тарттырып, Данияров деген дарыгерге көрсөтүңүз» деди. Рентгенге тартып Данияровго барып баарын айтып: «Рентгенде колу кыйшайгансып турат, карасаңыз» десем, «баары эле жакшы болуптур» деп койду. Көңүлүм тынчыбай башкы дарыгерге бардым. Ал да кайдыгер карап «жакшы эле экен, баланыкы бүтүп кетет» деп кетип калды. Жаш баладай болуп эле карап кала бердим. Кызым «эне жүрчү кетели?» деп ыйлаганынан дарыгерлер жакшы деп атат, демек жакшы болсо керек деген ойдо калдым.

«Кызымдын гипстин ичиндеги колу сасып кетиптир»

- 7-сентябрь кызымдын колунун көгөргөнүн байкап калдым. Дароо эле Чолпон-Атага алып барайын десем: «Эне, колумду оорутушат, барбайм»,- деп ыйлады. 8 жаштагы кызды сүйрөп бара албайт экенсиң да. Айлам кетип Ананьевого алып бардым, кечирээк барып калыптырмын, күзөттөгү дарыгер бар экен. Ага баарын айтып берсем «гипс кысып койгон окшойт» деп менин көзүмчө гипсти чечти. Колун көрүп Чолпон-Атага баруубуз керектигин айтты. Кызым барбайм деп ал жерден да ыйлады. Анан ал дарыгер колундагы жараатын тазалап, таңып берди. Үйгө келип жатып калдык. Түнкү 12лер чамасында кызым шалдырап баштады. Алы кетип, колун жерге коюп олтуруп калды. Дене табын карасам жайында экен. Чай берейин десем, суу эле ичти. Таң атканда курсагын тойгузуп, такси чакырып кайра Ананьевого алып бардым. Дарыгер кызымдын гипсин чечсе кан чыкты, колу сасып кетиптир. Дароо эле колу шишип кетти. Дарыгерлер ызы-чуу түшүп калышты, башкы дарыгер: «Эже, тез арада Чолпон-Атага алып барыңыз, кызыңыздын өмүрүн сактап калышыңыз керек»,- деди. Бир заматта андай болуп кетээрин күтпөгөн жаным нес болуп калдым.

«Кыздын колун кесип, өмүрүн сактап калыш керек дешти»

- Чолпон-Атадагы ооруканага барсак, алар кыздын колун кесип, өмүрүн сактап калыш керек дешти. Ошол жерден кыйкырып, Москвадагы келиниме телефон чалдым. Ал балама айтпай эле ошол күнү учуп келмек болду. Бизге тез жардам берип, дарыгердин коштоосунда тамчылатма дары менен Бишкекке Жалдагы Республикалык балдар ооруканасына жиберишти. Жалдагы дарыгерлер «ириң жүрөккө тээп баратат» деп кыздын колун кесиш керектигин айтышты. Башында ал нерсеге көнө албай жатсам, кызымдын өмүрү үчүн макул болдук. Атасына айтсак ал да нес болуп учуп келмек болду. Операцияга кирди, бир колун чыканагынан өйдөрөөк жеринен кесишиптир. Кызым жандандыруу бөлүмүндө болгондуктан бизди киргизишкен жок. Үйгө келип жакшы тилек тилеп жаттык, келиним эрте менен эрте туруп ооруканага чуркап кетти. Биз кызыма шорпо жасап баралы деп атканбыз. Анан келиним келип: «Апа, кызымдын жүрөгү көтөрө албай жатыптыр!»- деп бакырды. Туура эмес түшүнүп алган го деп экөөбүз кайра бардык. Дарыгерлер биз менен сүйлөшкүсү келбей жатышты, көрсө, кызым таңкы саат 7:40та каза болуп калыптыр. Бизге аны айта албай жатышкан экен. Жүзүбүз жашка толуп олтуруп калдык.

«Дарыгер мени жаш кыздай көрүп калп сүйлөп атат»

- Дарыгерлердин айтымында кызым түнкү саат 12лерде өзүнө келиптир.  Андан кийин дене табы көтөрүлүптүр, ийне сайып жардам көрсөтүшсө жаткан экен, кийин эле жүрөгү токтоп калыптыр. Кызымдын колуна кирген микроб канга өтүп, шишик ийининен өйдө чаап кетиптир.

Бул жерде Чолпон-Атадагы дарыгерлердин эле шалаакылыгы болуп калды. Эми ал хирург-травматолог Кубанычбек мени жаш кыздай көрүп калп сүйлөп атат. «Чоң апасы Чолпон-Атага келгенге шартым жок, Ананьево барам деген» деп. Мен кызымды каякка көрсөтсөм, ошол жакка алып барам да. Эгерде ошол дарыгер 5 күн келип жараатын таңдырып кетип туруңуз деген болсо, таң атпай кызымды алып барып таңдырып турмакмын. Менин кенедей чүрпөмдү карап коюшпай, кантип уялбай сүйлөп атышат, билбейм. Мен калп айтсам каза болгон кызымдын кепинин көтөрүп барайын деп атам. Азыр уулум «кызымды ооруканага деле жаткырып койбойт беле?» деп ыйлап атат. Ал дарыгер менен кызым каза болгондон бери бет келише элекпиз, башкы дарыгерлери келип «кайгыңарды тең бөлүшөбүз, дарыгерлердин айлыгы аз болуп кетип калып атышат, дарыгерлер аз» деп атышат. Анда оорукананы жабышсын, бүгүн менин кызым каза болсо, эртең башка бирөөнүн убалына калышат. Мен акыйкаттык издейм, шалаакылык кылган дарыгердин жоопко тартылышын талап кылам. Алардын шалаакылыгынан чолпондой неберемден айрылып олтурам. 

Динара Чокоева

Булак: "Леди кж"

Последние новости