www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-апрелде КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун ортосунда видеоконференция форматында сүйлөшүү болуп өттү.

Маектин жүрүшүндө 2020-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын видео-саммитинин жыйынтыктарын ар тараптуу ишке ашырууну талкуулашты.

Ага кошумча, Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн жарандарын эки тараптуу эвакуациялоо үчүн чартердик рейстерди уюштуруу маселесин дагы талкуулашты.

Ошону менен бирге, түрк тарабынын COVID-19 менен күрөшүүдө кыргыз тарабына көрсөткөн ар тараптуу жардамы үчүн Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы кесиптешине ыраазычылык билдирди

Булак: NazarNews.kg

Последние новости