www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Посттон өтөрдө суралчу 6 документ. Тизме

Айрым айдоочулар карантин кирген аймактарда эреже бузуп, бейтаптарды ооруканага алып барам же пенсионерлерге азык-түлүк жеткирем деген шылтоо менен жеке иштерин бүтүрүп жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Штаб өзгөчө абал режими киргизилген аймактардагы карантиндик-санитардык посттордон талап кылынчу документтерди да атады. Алар:

паспорт;

иштеген, жашаган жеринен маалымкат;

маршруттук баракча;

айдоочунун күбөлүгү;

унаа документтери;

атайын өткөрмө кагазы.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 466га жетип, анын 91и айыгып чыкты. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости