www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Дыйкан» базары бюджетке ай сайын 1 млн сомдон төлөп келген, бирок аны жаап салып, азыр кайра ачып жатасыңар, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ЖКнын Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында.
Анын айтымында, 2017-жылы аталган базарды күч менен жабышкан, анткени кимдир бирөөгө 2,5 га жер керек болчу.
«Нефтебазадан улам өрт коопсуздугу үчүн жабышкан имиш. Бирок ошол нефтебаза базар пайда болгондон кийин курулган. Базар 2008-жылы курулса, нефтебаза 2 жылдан кийин 2010-жылы курулган. Ошол кезде Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Жылдызбек Исакулов базарды күч менен жабуу үчүн ИИМдин кызматкерлерин бөлүп берүүгө жарлык чыгарып, 29 адам кармалган. Ал учурда силер жол, көпүрө курулат дегенсиңер, бүгүнкү күндө эч нерсе жок.
Бул иш боюнча Ак үйдүн 7-кабатында кызыктар адамдар бар болчу. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Канат Абдыкеримов мага президент «Дыйкан» базары боюнча маселени көтөрбөөнү суранганын айтты. Мен эмне үчүн нефтебазаны жаппай жатышат деп сурадым, көрсө ал нефтебазалар 2 депутатка таандык экен», – деди депутат.
Булак: NazarNews.kg