www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө 289 бала бакча кадимки тартипте иштөөдө

Кыргызстанда декабрь айына карата 289 бала бакча кадимки тартипте иштөөдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 52 жеке, 2 ведомстволук бала бакча иштеп келүүдө.

“Жалпы 289 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 137си мамлекеттик, үчөө ведомстволук жана 151и жеке менчик бала бакча иштеп жатат. Буга чейин билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин менчигинин бардык түрлөрүнүн жана формаларынын директорлоруна жергиликтүү бийлик органдары жана аймактык санэпидкөзөмөл борбору менен макулдашып, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу тапшырылган”, – дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости