www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Кубан Чороев БШКнын жумушчу тобунун билдирүүсү боюнча пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анда ал мыйзам тарабынан каралган бардык милдеттенмелерди 100 пайызга аткарганын айтат.

"Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо" жөнүндөгү мыйзамдын 52-беренеси:

1.Президенттин кызматына талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынышы керек.

2. Кол чогултуу президенттикке талапкерлерди көрсөтүү күнүнөн тартып башталат жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат; (100 пайызга аткарылды). Кол топтоо баракчалары жана кол топтоо процесси менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу жүргүзүлөт; (100 пайызга аткарылды). Колдоочулардан кол топтоо кол тамга коюлучу барактар үчүн акча төлөнгөн күндөн баштап жүргүзүлөт; (100 пайыз аткарылды).

Типография менен келишим 11-ноябрда, шайлоонун эсеп фонду ачылган күнү түзүлгөн. Келишимде алардын кызматы үчүн жүргүзүлгөн төлөмдүн күнү, келишим түзүлгөн күн экени белгиленген. Мен аларга кепилдик катын бергем, бул эки тараптын макулдугу менен төлөм жүргүзүлдү дегенди билдирет. Себеби, ошол маалда бизге канча баракча керек экени белгисиз эле. Кол топтоо баракчаларын типография биздин керектөөбүзгө жараша даярдап берип турган. Мыйзамдын талаптарын аткаруунун башка жолу болгон эмес" , - деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 7-декабрда БШК президентикке талапкер Кубан Чороевдин колдоочуларынан чогулткан кол тамга баракчаларын кабыл албашы мүмкүн экендиги маалымдалган. Буга БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева кол топтоо баракчаларына байланыштуу мыйзамда жазылган пунктунун аткарылбай калышы себеп экендигин түшүндүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости