www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Анарбек уулу бошотулду

Чыңгыз Анарбек уулу сот залынан бошотулду. Россия федерациясынын кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү ( Жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү) менен иш козголуп, Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка кесүү менен,айлык маянасынан 15% кармалып, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыратты.

Эске сала кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнда кырсыкка кабылып бир нече Россияга келген футбол сүйүүчүлөргө жаракат алып келген.

Чыңгыз Анарбек уулу кырсыкка кабылганда жакындан кол сунган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабековго, Москвадагы кыргыз элчилигине, диаспора өкүлдөрүнө, мигрант замандаштарга жана жардамга колун сунган активисттерге "Замандаш" партиясы терең ыраазычылык билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости