www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто кызын чынжыр менен тушап, үйдө кармап келген кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (“Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо”) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 5-октябрда Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутуна чынжыр менен жүргѳн кыз тууралуу тургундардан билдирүү келип түшкөн. Окуя катталган жерге барган ыкчам тергѳѳ тобу чынында эле 9 жаштагы кыздын бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжыр бар экенин кѳргѳн.

Тергөө учурунда аны атасы көчөгө чыкпасын деп чынжыр менен коркутуп коюу максатында тушап салганы белгилүү болгон. 

Учурда тергөө улантылууда.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости