www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банк учурда глобалдык экономикага таасир этип жаткан соода тирешине “абдан кабатырланып” турганын билдирди. "Соода тиреши" дегенде ириде АКШ менен Кытай бири-биринин товарларына тарифти көтөрүп жатышканы тууралуу кеп болуп жатат.

Планетадагы экономикасы эң ири эки мамлекеттин соода согушу башка өлкөлөргө терс таасир этери буга чейин да айтылган. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) мунун айынан быйылкы дүйнөлүк жалпы өсүш мурда болжолдонгондой 3,9% эмес, 3,7% болорун белгилеген.

Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ен Ким "эгер экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн тиреши уланса, ага даяр туруш үчүн эмне кылыш керек экенин ойлонуп жатабыз" деди.

- Бизге мүчө болгон өлкөлөрдүн кимиси болбосун, анын ичинде соода талашы жүрүп жаткандарында да туруктуулукту бекемдеш үчүн мүмкүн болушунча аракет кылалы деп атабыз, - деди Жим Ен Ким. - Мисалы, Кытайдын таасириндеги жана андан товар алган бардык өлкөлөр соодадагы чыңалуунун тереңдешине даяр туруш үчүн эмне кылышы керек экенин көп ойлонушубуз зарыл.

Ким бул сөзүн Индонезиядагы ЭВФ менен Дүйнөлүк Банктын жылдык жыйынында айтты.

Глобалдык экономиканы чочулаткан дагы бир жагдай - Кошмо Штаттардын алюминийге 10%, болотко 25% импорттук тарифтерди көтөрүшү. Бул тариф Вашингтондун жакын өнөктөшү Евробиримдикке да киргизилип, мындан улам Брюссел да бир катар америкалык товарларга бажы алымын көбөйткөн.

Булак: "Азаттык"

Последние новости