www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын май айында этке жана өсүмдүк майына болгон баалардын олуттуу өсүшү байкалган. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитетинин маалымат кызматы билдирет.

Республиканын 18 калктуу конушу боюнча улутстатком тарабынан жүргүзүлгөн негизги тамак-аш продуктуларына орточо керектөө бааларынын ар жумалык мониторингинин жыйынтыктарына таянсак, үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата республика боюнча кой этинин орточо баасы 465,47 сомду түзгөн. Бул апрель айына салыштырмалуу 18,14 сомго же 4,1%га өскөн.

Ал эми 1 литр өсүмдүк майынын баасы 167,09 сом болуп, ал өткөн айга салыштырмалуу 3,6%га өскөнүн байкоого болот.

- Чыңгыз мырза, кымбатчылык уланып жатат. Негизги себептерин атай аласызбы?

- 2020-жылы бизде ички дүң продуция 9%га төмөндөдү. Бул абдан чоң көлөмдөгү төмөндөө. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде да бул өтө төмөнкү көрсөткүч. Андан тышкары, доллардын баасы өстү, киреше түштү, баа көтөрүлдү.

Мындай абал экономикага чоң сокку болду. Буга биринчиден, пандемия, экинчиден, саясый туруксуздуктун таасири чоң. Азыр иштеген ишканалардын кирешеси 50%га төмөндөдү. Мунун кесепети айлык маянага жана жумушсуздукка чоң түрткү болот.

Булак: Азия News гезити

Последние новости