www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы депутат Алишер Мамасалиев көз жумду

Бүгүн, 27-майда мурдагы депутат Алишер Мамасалиев узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Бул тууралуу маалыматты туугандары билдиришти.

Маркум 1973-жылы Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында туулган. Ал 47 жашта болчу.

1997-1999-жылдары Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) “Замана” студиясында журналист болуп иштеген. 2003-жылы жаштардын “Алико” бейөкмөт уюмун жетектеген. 2006-жылы “Кел-Кел” жаштар кыймылын башкарып, 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2015-жылы парламенттик шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен катышып, бирок ден соолугуна байланыштуу тизмеден чыккан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости