www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27 жылдан соң классташтардын сүйүүсү уланып...

Сүйүү жаш-карыга карабайт тура. Менин бир тааныш эжемдин турмушунан бир үзүм айткым келди. Эже 8-класста окуп жатканда классташ баласы сөз айтып, экөө бирин-бири жактырып калышат. Кийин эже Фрунзеге окууга келип, жигитин армияга чакыртат. Эже Фрунзеде окуп жүргөндө бир курсташы ала качып кетип, турмуш куруп жашап калат. Классташы армиядан келип, башка кызга үйлөнөт. Классташтар 10 жылдык, 20 жыл дык кечелерде жолукканда, экөөнүн тең көзүндө жылуу сезим кала берет. Бирок «эл эмне дейт?» деп тим болушат. Ошентип арадан 27 жыл өтөт. Экөө тең уул үйлөп, кыз узатып дегендей, жашоо уланып жаткан. Бир күнү эженин жолдошу инфаркттан каза болот. Кийин балдары өз турмушун куруп кеткен кезде классташтар неберенин сүннөт тоюнан жолугуп, сүйлөшө кетишет. Көрсө, тиги кишинин да жубайы өтүп кетиптир. Ошол жолугушуудан кийин ысык чай сунуп, чогуу жашайлы» деп чечишет. Ошол күндөн тартып эже 20 жылга жашарып, өмүрүндө биринчи жолу өзүн аял катары, сүйүктүү адам катары сезип, чыныгы бакыт деген нерсенин даамын татып келе жатат. Экөө былтыр пандемия убагында Малайзияга эс алганы барышып, карантинде эки ай калып жашап келишти. Ошондо эже «мен ушунча жашка келип, озумду бактылуу сезип жатам" деп айткан кеби мени чыныгы сүйүү жашка карабайт тура» деген сөзгө ынандырды. Экөө бири-бирине аябай назик, аёо сезим менен мамиле кылышат. Быйыл эже 60 жылдык юбилейин белгилейт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости