www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Чыныбек Бапатегинди кепке тартып, айрым саясий маселелер боюнча пикир алыштык.

--Чыныбек мырза, мыйзамсыз баюу беренеси эмнеге тандалма иштеп жатат?

--Менимче, дагы эле болсо бизде кландардын күрөшү жүрүп жаткандай. Тандалмалуу болуп жатканын мен ошондон көрөм. Алдыдагы шайлоого карата жол тазалоо. Кайсы таасирдүү күчтөр утса, утулган тарапты ар кандай шылтоо менен жазалоо процесстери, болбой калды дегенде жаманатты кылуу аракеттери болуп жатат. Шадиев, Жумалиев көч башы болуп беришпедиби. Кезек мамлекеттик башкарууну көзөмөлдөгөн топко жакпай калгандарда. Күзгө чейин дагы бир тобуна сыйыртмак ыргытылат. Жыйынтыгы кандай чыгат, ал башка кеп.

--Аскарбек Шадиевге чыккан соттун өкүмү президенттин коррупция менен күрөшүн жокко чыгарып койгон жокпу?

--Албетте, көлөкө түшүрдү. Түшүрмөк турсун мамлекеттик бийликти ачык эле шылдыңдоо болду. Далай кулкуну чоң, мыйзамсыз иштерге кириптер жарандар алаканын ушалап, ураалап жатышса керек. 60 миң төлөп коюш, бул коррупция менен күрөшүүнүн өзү коррупцияланып кеткенин көрсөтүп турат.

--Кыргыз саясатындагы биригүүлөр эл үчүн пайдалуубу же бириккендер үчүнбү?

--Биригүүлөр мансап дегенде баарына даярлар үчүн гана керек. Улам бир эрден чыккансып, партиядан партия тандап атышкандары, чогулуп жаңы күч көрүнүп атканы мамлекет үчүн күйүп атканыбы? Албетте жок! Өз керт баштарын ойлоп, эптеп дагы 5 жыл мамлекеттин эсебинен жашап, күн көрүү аракети. Жаштар, жаңы жүздөр дейбиз. Мурункулардан өткөн, сукулдаган жаштар жүрөт. Арасында бир эки жигит бар. Таза. Ошолорду булгап коюшабы деп кыжаалатмын. Болбосо, азыркы 120нын кимиси кайсы жээкте болбосун, эч нерсе эл үчүн болбойт.

--Альянс түздүк дегендер бүгүн биригип, эртең ажырашып кетпейби?

--Ажырашат. Себеби, 3 жылдан кийин президенттик шайлоо болот. Далайлар так теке болуп секирип, ойношот да. Партиянын программасы, тутунган багыты, жеке нарк-насил жөнүндө кеп кылыштын кереги жок. Бул кебетебиз менен жакында жакшы нерселердин ишке ашып, өлкөбүз өнүгө башташы күмөн.

--Шайлоо коронавирустун айынан болбой калышы мүмкүнбү?

--Мансапка, бийликке жетиште биздин саясатчылар таажы тумоону деле коркутуп алышчудай. Коё турчу, биз өтүп алалы дешип. Бул эми тамаша. А чындыгында бул юридикалык маселе, жана президент кандай чечимге келишинен көз каранды. Процедуралык иштер бар да мыйзамда жазылган. Азырынча андай чечимдер чыга элек

Булак: NazarNews.kg

Последние новости