www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Nazarnews маалымат агенттиги жарандык активист Чыныбек Бапатегин менен коомчулуктун көңүл борборуна айланган ыктыярчылардын күңгөй-тескейин аңдап билүүгө аракет кылдык.
-Ыктыярчыларды партиялар катарына чакырып жатыптыр, бирок коомчулукта аларды депутат болуш үчүн, элдин көзүнө көрүнүш үчүн эле чыгыптыр деген пикирлер арбын. Буга эмне дейсиз?
-Жагдай-шартка жараша коомдо ар кандай топтордун чыгышы мыйзам ченемдүү нерсе экен. Алсак, өткөн кылымдын 80-90-жылдары кыргыз саясатында “ашарчылар” пайда болгон жана алар мамлекеттик түзүлүшкө, саясатка бараандуу салым кошушкан. Болбосо, алар социалдык маселелерди чечкиси келген эле тайпа болчу, кийин саясий кыймылга айланып кетишкен да. Ошол сыңары учурда пандемиянын аркасы менен ыктыярчылар кыймылы келип чыкты. Тумоо менен күрөшмөкчү болгон алар учурда саясатка чабуул коюп турган кездери. Президенттин ыктыярчыларды кастарлап кабыл алышы да, алардын саясий дымактарын ойготуп жиберди окшойт. Ыктыярчыларды мен экиге бөлүп карайт элем. Биринчиси, саясат менен иши жок, чын дили менен элге жардам бергиси келгендер. Экинчиси, көкүрөгүндө купуя саясий дымагы бар эрендер. Мына ушул экинчи топтогу ыктыярчылар тууралуу коомдо өйдө-төмөн кептин жүрүшүнө жем таштап жатышат. Убакыттын өтүшү менен булардын чыныгы максаты эмне экени көрүнүп, ал турсун айрымдарынын аркасында кайсы “ажыдаардын” башы чыгып жатканы көрүнүп калбадыбы.
Саясатта жүргөндөр ыктыярчыларды өздөрүнө тартуу аркылуу, саясий келбетин сулуулашып, алардын аркасы менен элдин добушуна ээ болуу аракети жүрүп жатат. “Отузунда орок орбогон, кыркында кылыч чаппайт” дегендей, эски саясий топтордун бул аракетинен элге пайдалуу жыйынтык болоорун көрбөй турам. Тек гана, саясий амбициясы бар, тажрыйбасы жок ыктыярчылар мурдагы лөктөрдүн курмандыгы болуп, саясий аренада ысымдарын булгап алышпаса болгону.
-Мүмкүн эпидемия элге жардам берем деген азаматтардын депутат болуу ышкысын козгоп койгондур?
-Эми “ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр?” дегендей, саясий ышкысы барлар чыга беришсин. Биз мансапты жакшы көргөн эл экенбиз да. Эки киши турса, бири экинчисине чоң болгусу келет. Кеп “Мага сунуш түштү! Ойлонуп атам!” дегендердин деңгээлинде болуп жатпайбы. Байкасаңыз, “иттин уулу байгара” деле депутат болгусу келип атат. Айрымдарга катуу тийсе да, ушуну айткым келди. Депутат болбой эле оокат кылсак болбойбу? Негизи эле депутаттын мыйзамда көрсөтүлгөн аткарчу иши кайсыл? Депутат болгусу келгендердин көпчүлүгү депутаттык кызматтын нукура маңызын түшүнбөй эле баратышкан сыяктуу. Депутат бул баштык көтөрүп алып, элге пиар жасоо эмес да. Азыр баштык көтөрүп эл аралап жүрүшсө, эртең депутат болгондо “баланча акча бөлдүрдүм, жолду жасатам, мектеп салдырам, наам алып берем” деп беш жыл бою сукулдап жүргөнү атышат да. Бул албетте кейиштүү көрүнүш.
-Ыктыярчыларды депутат кылып шайласак жаңылбайттырбыз. Мүмкүн алар элге жакын болоор же мансапка манчыркап көздөрүн май басаар...?
-Өзү “элге жакын” дегенди кандай түшүнөбүз? Отуз жылдык тарыхыбызда дегеле депутаттын вазийпасын туура белгилей албай койдук. Акыркы эле 10 жылда кайсы депутат же партия айткан сөзү менен иши дал келип, идеясын ишке ашырды? Депутат бул ириде мыйзам чыгаруучу, анан ошол чыгарган мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөөчү да. Жөн эле кыйкыра бербей, “мен мына” деп чиренип эл аралабай, отуруп алып сапаттуу мыйзам жазышы керек да. Шайлоо алдында элге берген убадасын, партиясынын идеяларын мыйзам актылары аркылуу ишке ашырышы керек эмеспи. Азыр кандай болуп атат? Буга чейинки депутаттар жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн, толуп-толбой турган казынаны жулмалап бөлүшүп алып, ошону менен иш жасаган киши болуп жүрүп атышпайбы. Ырчы-чоорчу, алып баруучу менен алып кетүүчүлөр сыяктуу ыктыярчылардын арасында жүргөндөр ушуну түшүнөбү? Дэңгээли жетеби? Тажрыйбасы, билими чакталуу немелер, парламентке барып алып, 6-чакырылыштын депутаттарынан ашып түшүп, ыйык трибунаны шоу сахнасына айлантпайт деп ким кепилдик берет? Социалдык тармакта бир жигит жазды. “Ресторан, кафелерди эртерээк иштеткилечи. Антпесе, артисттер жетинчи этажды каптап кетмей болду” деп. Туура да. Ар ким өз кесиби менен, колунан келген ишти аркаласа натыйжа болот го.
Эмнеге эле баарыбыз депутат болгубуз келет? Ыктыярчылардын арасынан кимиси аткаруу бийлигине барам, жеринде жасалбай аткан иштерди бүтүрүүгө көмөк берем деди? Мен эле укпай калбасам, антип айткан бирөө болгон жок. Болбосо, элге жардам беребиз деп жүрүшүп, аймактарда, жергиликтүү бийлик органдарында абалдын кандай экенин өз көздөрү менен көрүштү да. Депутат болом деп дикилдебей эле, аткаруу бийлигиндеги көйгөйлөрдү жапатырмак чечүү демилгесин көтөрүп чыксак болбойбу? Айрым азаматтар бар, жок эмес. Чогулган каражатты максаттуу пайдаланып, ФАП сыяктуу курулуштарды баштап жиберишти. Көтөрүлүп калган элдин духун, ынтымакты мындан ары улап кетсек жакшы болмок. Депутаттык 120 эле орун го? Өткөнү өтүп, өтпөнү шайлоодон кийин эмне кылышат? Кийинки шайлоо болгонго чейин социалдык тармактар аркылуу сынчылык кызматты аркалашабы?
-Ооруканалар ыктыярчылардан баш тартып жатышыптыр деген да маалымат тарады. Баш тартканы чын болсо, булардан сестене баштадыбы?
-Бул тууралуу маалыматым жок экен. Эгер ошондой болуп жаткан болсо, аткаминерлер чындап эле ыктыярчылардан сестене баштаганын айгинелейт. Демек, ыктыярчылар саясий күчкө айланганы ошол десек болот...
Булак: Nazarnews.kg