www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Ыктыярчылар тобуна Финансы полициясынын кызматкерлери басым көрсөтүүдө" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме  Жалал-Абад облусу боюнча Финансы полициясынын кызматкерлери ыктыярчы кыймылдар менен байланышып, эч кандай текшерүү жүргүзбөгөнүн кабарлады. Учурда кызмат “Жалал-Абад жаштар кыймылынын” өкүлү Наргиза Караеванын айткандары боюнча аларды кызматкермин коркуткан кишинин тек-жайын тактоо жүрүп жатканын билдирди. Финансы полициясы жалган маалымат таратпоого жана аларга ишенбөөгө чакырат.

Буга чейин Kaktus.media сайттында "Жалал-Абад жаштар кыймылы" аттуу ыктыярчылар тобуна Финансы полициясы басым көрсөтүп жатканы боюнча макала чыккан.

Пандемия маалында өлкөдө ыктыярдуу топтор түзүлүп, элден каражат чогултуп, медициналык мекемелерге жардам берүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости