www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 01-августта Бириккен Араб Эмираттарында «Барака» атомдук станциясы ишке киришти. Бул тууралуу Дубайдын шейхи Мухаммед бин Рашид ал-Мактум «Твиттерден» билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазды. 

«Бүгүн биз Бириккен Араб Эмираттарында араб дүйнөсүндөгү алгачкы тынчтык атомдук станциясынын ийгиликтүү ишке кириши тууралуу жарыялайбыз”, - деп жазды ал.

Шейх бийликтин эмираттарды "таза энергиянын жаңы түрү" менен камсыздоо ниети бар экенин кошумчалады. Станциянын курулушуна түштүк кореялык “Керсо" энергетикалык концерни тартылган. Атомдук станциянын курулушуна 24,4 миллиард доллар сарпталган.

Ал Дубайдан 280 чакырым алыстыктагы Аль-Дхафра аймагында жайгашкан.

Араб Эмираттарындагы станциянын курулушуна Катар каршы чыгып, станция "аймак үчүн коркунуч жаратарын” белгилеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости