www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Чыныбек Бапатегин менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

-Кыргызстанда дарыгерлердин, дары-дармектин жетишсиздиги, өлүмдүн азайбай жатканы өкмөттүн чабалдыгын, координациянын жоктугун көрсөтүп жатабы?

-Эмнеси болсо да “болоору болуп, бойосу канды” сыяктанат. Өкмөт чынында эле чабал, анан калса казынабыз бош. Ары тартса ары, бери тартса бери жетпей жаткан заман. Бардык эле нерсени каражатка байлап койгон да туура эмес. Мамлекетте системалуу иштердин жүргүзүлбөй келгенинин көрүп жатабыз. 30 жылдан бери реформа эле жасап келе жатабыз. Натыйжасы, көп тармактарды кереги жок нерседей мамиле кылып, талкалап таштаган экенбиз да. Кыргызда кеп бар бар го, “өлүм байдын байлыгын чачат, жардынын абийирин ачат” деген. Бүгүнкү абал так ушундай. Баары эле утурумдук, өз пайдасы үчүн кам көргөндөр. Бул 2010-жылы Конституцияны будамайлап кабыл ала калган бир ууч топтун кыргыз элине берген белеги. Системаны өзгөртүү, аткаминерлердин кичинеден чоңуна чейин жоопкерчилигин көтөрүү мезгили келди. Тилекке каршы, мына ушуларды ойлонгондун ордуна шаңыраңдаган бойдон шайлоого баратпайбызбы. Бул деген мамлекет дагы 5 жыл чайнала турган абалда болоорун тастыктайт.

-Неге бийликтин аракети топ түзүп алып иштеген ыктыярчылардын жанында  байкалбай жатат?

-Элден айланса болот! Эчендеген азаматтарыбыз бар экен, саясатташтырбай эле жапырт жардам берүүгө өтүштү. Бул эзелтеден келе жаткан элдин сактанып калуу, кырылып калуудан аман калуу аракети. Элге баарын жүктөп коюу да утурумдук нерсе. Бийлик органдары ишти колго алышы керек. Бул жерде мен байкаган бир жагдай бар. Бизде тез арада административдик-аймактык реформа жасашыбыз керек экен. Батыштын акыл үйрөткүчтөрүнүн жардамы менен децентрализация дегенди ишке ашырып келгенбиз. Натыйжада бийлик болуп көрбөгөндөй борборлоштурулуп калыптыр да. Бул биринчи кезекте акча маселесинде. Мына 7 облус, 40 район бар. Ар биринде 30-40 тан кызматкери бар аппараты менен. Бирок алардын колунда эч бийлиги жок. Бир нерсе жасайын десе каражаты жок. Бишкекти, анан айыл өкмөттөрдү карап отурушат. Айласы жок, губернатор менен акимдер илгерки союз кезиндеги колхоз, совхоздордогу учетчик-чабармандын ролун аткарып калышкан. Өкмөттөн келген кагазды айыл өкмөттөргө берип, алардан кайра “кыйратып атабыз” деген отчетторду Өкмөткө жиберип коюп отурушат. Менимче аймактык реформаны батыл ишке ашырып, айыл өкмөттөрүн, райондорду ирилештирип, финансылык жактан аймактарды көз карандысыздыкка алып келүү кажет. Мунун аркасында айрым министрликтер менен комитеттерди да жоюп, функциясын ирилешкен аймактарга өткөрүп берүүгө да болот. Мисалы, билим берүү, маданият жана башка органдарды. Мына ошондо гана аткаруу бийлигинин эл алдында абройу өсүп, “Өкмөт эмне кылып койду?” деген суроого чекит коюлат деп ойлойм.

-Эл дары жетпей өлүп жатса, дарыларды катып жаткан кампалардын жетекчилерине кандай чара колдонулушу керек?

- Бул жагдай боюнча соцтармактарда ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. “Дарга асыш керек!”, “Камаш керек!”, “Наалат, тукумуң соолсун!” деген сыяктуу эмне деген гана каргыш кептер айтылган жок. Бирок, Өкмөт башчынын “катып алгандар кармалды” дегени күмөн туудуруп жатат. Координациялык иштер жүргүзүлгөн болсо өлкөгө канча препорат келип киргенинин дайын-дареги бар болчу да. Аны катып алды дедиртпей эле фирмалар менен сүйлөшүп, чечип койсо болмок. Анан калса катып алгандардын кимдер экендиги да ачыкталса болот беле? Айтор бул кезектеги эле аткаруу бийлигинин элдин көңүлүн башкага бурдуруу аракети сыяктуу сезилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости