www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван райондук соту Жазык кодексинин эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу беренеси менен күнөөлүү деп табылган 3 жигитти коомдук жумуштарга тартты. Өкүм ушул жылдын 25-июнунда кабыл алынды. Бул тууралуу соттун өкүмүндө маалымдалды.

- Мехмонбой (аты өзгөртүлдү, К.Ш.М.) 1990-жылы Араван районунда туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес. Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) жана 172-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) боюнча айыпталат.

- Солих (аты өзгөртүлдү, М.С.Х.) 1995-жылы Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна караштуу Мархамат районунда туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес. Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) жана 172-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) боюнча айыпталат.

- Тилла (аты өзгөртүлдү, Т.А.Н.) 1997-жылы Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна караштуу Мархамат районунда туулган. Билими орто, бойдок, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес. Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) жана 172-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) боюнча айыпталат.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда,  Мехмонбой 2020-жылдын 21-майында болжол менен саат 22:00 чамасында аялы Зебо (аты өзгөртүлдү, К.З.) менен жашыруун сүйлөшүп, мамиле кылып жүргөн жабырлануучу Алишер (аты өзгөртүлдү, Д.А.) телефон аркылуу алдап, Тепе-Коргон айыл аймагындагы бир айылга чакырган. Жабырлануучу айтылган дарекке жеткен учурда Мехмонбой инилери Тилла жана Солих менен бирге аны оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Андан соң Тилла жабырлануучуну мойнунан муунтуп, Мехмонбой менен Солихке кармап берген. Алар Алишердин денесине жана бет тарабына ургулашкан. Андан кийин Мехмонбойдун короосунда жайгашкан сарайга күч менен алып киришип, ал жерден да ур-токмокко алышкан. Мындан тышкары эки колун артына байлап, бийик тосмого колунан асып, Мехмонбой аялы Зебо менен кандай мамиледе болуп жүргөндүгү боюнча суракка алган. Ошондой эле жабырлануучунун айткандарын телефон менен видеого тартышкан. Алишер сүйлөбөй койгондо Мехмонбой колундагы темир менен оң бутунун кыр сөөгүнө, иниси Тилла колундагы темир түтүк менен далыга уруп, кордук көрсөтүү менен сүйлөтүшкөн. Жабырлануучу жалпы 11 саат зомбулук көрүп, эркиндиги чектелген. Андан кийин Мехмонбой, Солих менен Тилла аны өз ыктыярлары менен бошотушкан.

Соттук отурумда айыпталуучу Мехмонбой угузулган айыбы боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, Зебо менен расмий никеде жашап келе жатканын, ортолорунда эки баласы бар экенин билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдын 21-майында ал аялынын жашыруун колдонуп жүргөн уюлдук телефонун таап алган. Андан аялынын көптөн бери WhatsApp аркылуу бир эркек менен сүйлөшүп жүргөнүн билип калган. Ошондо аялы коркуп, үйүнөн качып кеткен. Андан кийин аталган телефонго белгисиз бирөө тынбай чалган. Анын ким экенин ачыктоо максатында үйүндө убактылуу жашаган инисинин аялына телефонду берип, «Жеңеңдин атынан сүйлөшүп койчу. Мүмкүн болсо жолугалы деп айтчы» деп айткан. Ошондо келини анын аялынын атынан бир эркек менен телефондон сүйлөшүп, аны айылга чакырган. Ал дароо макул болуп, унаасы менен айткан дарекке келген. Аны Мехмонбой өзү тосуп алып, «менин аялыма келген сенби? Аны менен жатып жүрөсүңбү?» деген. Жакасынан кармап, «аялым менен беттештирем» деп үйү тарапка ээрчитип келген. Ошол учурда инилери Солих менен Тилла сыртка дааратканага чыгып бара жатканда капысынан Мехмонбой менен жабырлануучуну көрүп калышкан. «Жеңем менен көңүлдөш болуп жүргөн ушул бекен?» деп, жабырлануучуну бетке бир жолудан алакандары менен уруп жиберишкен. Ошондо Мехмонбой: «Силер аралашпагыла, мен өзүм сүйлөшөм» деп аларды кетирип жиберген. Андан кийин жабырлануучуну сарайга алып кирип, экөө аялы келгенче күтүп турушкан. Аялы ал күнү үйүнөн качып кеткенден кийин кошунасынын үйүндө түнөгөн. Мехмонбой билдиргендей, Зебо келгиче жабырлануучуну эч жакка кетирбей турган.

Ал сотто кылган кылмышы үчүн катуу өкүнүп жатканын, мунун баары кызганычтан улам келип чыкканын, Зебо менен Алишерден шектенип ушул ишке барганын билдирди. Ошондой эле эртеси аялы менен жабырлануучуну беттештирип, андан кийин өз ыктыяры менен Алишерди кетирип жибергенин айтты. Мындан тышкары учурда жабырлануучу менен жарашканын айтып, 2 жаш баласы жана 2-топтогу майып ата-энеси бар экенин билдирди.

Айыпталуучу Солих менен Тилла да сотто күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, кылган иштерине өкүнөрүн билдиришти. Ошондой эле Кыргызстанга Өзбекстандан жумуш издеп келгенин кошумчалашты.

Жабырлануучу Алишердин айтымында, 2020-жылдын март айында Тепе-Коргон айыл аймагында дыйкандардан капуста алып жүрүп, Комила деген келин менен таанышып калган. Ошондо ал келин Алишерге «күйөөм менен ажырашып кеткем, азыр бойдокмун» деп айткан. Ошондон улам жабырлануучу анын телефон номурун базарда иш болуп калса чакырам деп алган. Андан кийин аталган келинге телефон чалып, мөмө-жемиш таңгактаган ишчи кыздар болсо айтып кой деп сүйлөшкөн. Андан кийин аны менен эки-үч жолу WhatsApp аркылуу кат жазышкан. Ал көрсөткөндөй, 2020-жылдын 22-майында кечинде ага тааныш эмес номур менен бир кыз телефон чалып, «мен Комиламын. Кандайсың? Жолугалы. Бул айылга кел» деген. Ошондо Алишер кызыгып, айтылган дарекке унаасы менен барып, Комилага телефон чалган. Ал: «Мен фонарик менен жарык берем. Ошол жерге кел» деп айткан. Бир убакта фонариктин жарыгы менен белги берилген. Жабырлануучу унаасынан түшүп, жарык чыккан жерге барган. Ошондо аны үч бала ур-токмокко алышкан. Бирөөсү мойнунан муунтуп, болжол менен 8 метр аралыктагы бир сарайга сүйрөп алып киришкен. Ошол учурда жабырлануучу аларга каршылык кылайын дегенде бирөөсү ага «өлгүң келбесе жөн тур» деп айтып, эки колун аракасына жип менен байлаган. Андан кийин жиптин учун устунга асып, Мехмонбой ага «сен бул жерге кимге келдиң? Сен менин аялым менен сүйлөшүп жүргөн турбайсыңбы. Менин аялым мага билгизбей сени менен жатып жүргөн турбайбы» деп айтып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн. Ошондо жабырлануучу: «Комиланы чакырып, мени менен беттештир. Мен ага тийген эмесмин» деп айткан. Бирок алар Комиланы таппай коюшкан. Аны күтүп, жабырлануучу эртең мененкиге чейин сарайда кармалган. Эртең менен Комиланы таап келишип, экөөнү 10 метр аралыкта тургузуп алып беттештирип, андан кийин Алишерди бошотуп жиберишкен.

Жабырлануучу учурда ал айыпталуучулар менен жарашканын, аларга карата эч кандай доосу жок экенин көрсөтүп, козголгон жазык ишин кыскартып берүүнү суранды.

Күбө Зебонун айтымында, 2020-жылдын 21-май күнү күйөөсү Мехмонбой анын жашыруун колдонуп жүргөн уюлдук телефонун таап алып, андан кийин экөө уруша кетишкен. Ошондо ал күйөөсүнөн коркуп, кошунасынын үйүнө барып жашынып алган. Бул окуяга чейин ага Алишер улам телефон чалгандыктан Зебо: «Мага чалбаңыз. Күйөөм бар» деп айткан. Кийин ал WhatsApp аркылуу эркелеткен сөздөрдү жазып жүргөн. Бирок Зебо убагында ага терс жооп берип келген. Ушул себептен күйөөсү аны кызганып, Алишерди  алдап чакырган. Андан соң аны менен беттештирген.

Зебо жабырлануучуну сарайда турганда көргөнүн, бирок колу байланганын байкабаганын билдирди.

Жайынтыгында айыпталуучулар Мехмонбой, Солих менен Тилла Жазык кодексинин 172-беренсинде (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 280 саат коомдук иштерге тартылышты.

Ал эми Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 66-беренеси (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен кайрадан квалификацияланып, жорук иш өндүрүштөн кыскартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости