www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги жарандык активист Чыныбек Бапатегин менен кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар боюнча пикир алыштык.

-Чыныбек байке, Темир Сариев неге акыркы мезгилде позициясын өзгөртүп, шайлоодон баш тартууга аргасыз болду?

-Темир Аргенбаевичтин акыркы жүрүштөрү боюнча бир гана нерсе айта алам. Өтө катуу кысым болду окшойт. “Эскилерин” эсине салып коюшту. Айласы жок кол көтөрүп, шүк отурганга макул болду. Ар кимге кошулуп, анан “жакпай калды” деп айтып чыгышы эмнегедир Сариевге окшошпой турат. Бийликке барыш үчүн көп нерсеге көз жумат эле. Анын амбициясы башынан ашкан саясатчы экенин билебиз го...

-Акыркы мезгилде неге мандатты атадан балага өткөрүү адаты калыптана баштады? Атасы саясатты жүргөндөрдүн  балдары да саясатка аралашышы керекпи же сөзсүз депутат болуш керек деген жазылбаган мыйзам барбы?

-Эгемен мамлекет болгонубузга 30 жылга жакын убакыт өттү. Бул мезгил аралыгында учурунда бийликте, саясатта жүрүп, мамлекеттин мүлкүн ит бекер менчиктештирип байыган олигархтардын жоон тобу пайда болгон. Ачык эле айтылып жүрөт го, Кыргызстанда 200-300 бай бар, ошолор мамлекеттик саясатты аныкташат деп. Мына ушул топ ким президент болсун, кандай саясат жүргүзбөсүн “хоп-майли” деп кол куушуруп кызмат кылымыш болуп келатышат. Мына ошолор кечээки кийген чапанын чечип ыргытып, уялбай-этпей эле ыңгайга жараша жаңысын кийип, утур-утур алмаштырып келе жатышканы жалганбы? Алардын эң башкы максаты – топтогон байлыгын жоготуп албай коргоп калыш. Жашы өйдөлөп, күч-кубаты кеткиче саясаттын, бийликтин ар тармагында илээшип келишсе, эми кезекти балдарына өткөрүп берүү менен алек. Бул байлардын таасирдүү чөйрөдөн сүрүлүп калбоо, ал аркылуу мыйзамдуу, мыйзамсыз топтогон байлыгын коргоп калуу жаналакети деп эле айтсак болот.

-Депутаттык мандатты атасы ээлеп, андан кийин баласына өткөрүп берген менчиктертирүүнүн кесепети мамлекетке тийип калбайбы?

-Кептин баары ошондо болуп атпайбы. Мамлекет үчүн көзгө толумдуу иш кылганы жокко эсе. Бирок алар таасирдүү. Элдин айрым бир бөлүгүн колго алып коюшкан. Аш-той берет, улак тарттырат. Айрымдарынын турмуштук маселелерин чечип берет. Ошентип “менин артымда элим бар” деп бийликтегилер менен соодалашып, манчыркап басып жүрүшөт. Алардын байлыгына деле көз арткан жерим жок. Айтайын дегеним, ошо топтогон акчасын өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө салбай атышпайбы. Мамлекетти, өкмөттү жарга такай бербей, туруктуу иштей турган өндүрүш ишканаларын ачып, элди жумуш менен камсыздап жиберишсе, жалпы эл кош колдоп, колдоп турбайт беле. Тилекке каршы, антишпейт. Анын ордуна эптеп акча чачып мансаптуу орунга отуруп алганды артык көрүшүүдө. Чет жактан эле инвестиция тартабыз дей бербей ички инвестицияга таянуу учуру да келди да. Көсөө көргөнүн кылат демекчи, олигархтардын балдары да жашоого жаңыча мамиле кылбай, дарамети кандай экенин эсепке албай, майланышып Жогорку Кеңеште отурганга аракети күч.

-Депутаттык кызмат мансаппы же тескерисинче жоопкерчилиги чоң кызматпы?

-Бүгүнкү күндө мансап болуп калды да. “Партиялык тизме менен шайлайбыз” деп атып, депутаттык институтту паракорлуктун, мансапкорлуктун акырына айландырып таштадык. Бул оорудан парламентке шайлоо системасын өзгөртпөсөк кутулбай калдык. Ушунча бийликти, мансапты жакшы көргөн эл экенбиз да. Буга жайнаган талапкерлердин чыгышы мисал. Арасында чын эле мамлекет үчүн аракет кылып, ак эмгек өтөйүн дегендер жок эмес. Тилекке каршы, алар өтө аз. Көпчүлүгү жанагы эле айткан таасирин жоготпой жашап калууга жанталашкандар, жаңы чыккандары “менин элден эмнем кем?” деп бараткандар...

-Бир эле жолу депутат болгон неге адам кайра-кайра депутат болгусу келе берет?

-Сенин дараметинди баалап, чукул чечим чыгарып айдап чыкчу киши жок болсо, жоопкерчиликти тартпай баарын аткаруу бийлигине шылтап коюп отурган кызмат кимге жакпасын? Анан калса кызыл значокту тагынып алып, мен депутатмын деп эл аралап, аткаруу бийлигине сын айтып, өзүнүн жеке кызыкчылыктарын чечүүгө сонун шарттар түзүлүп турса – ким бул кызматтын кеткиси келсин? Жообу ушундай...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости